Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

"Кумтөр ишин кароо АКШнын юрисдикциясына кирбейт"


"Центерра Голд" менен талашта Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон адвокат Бенжамин Минц. Сүрөт Arnold & Porter эл аралык юридикалык фирмасынын сайтынан алынды.
"Центерра Голд" менен талашта Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон адвокат Бенжамин Минц. Сүрөт Arnold & Porter эл аралык юридикалык фирмасынын сайтынан алынды.

Кумтөргө байланыштуу Нью-Йорктогу соттун чоо-жайы тууралуу Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон адвокат, “Arnold & Porter” эл аралык юридикалык фирмасынын өнөктөшү Бенжамин Минц “Азаттык” радиосуна алтын кендин айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу комментарий берди.

Кумтөр кенин иштеткен “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” ишканалары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде Нью-Йорктогу сотко кайрылганын аталган компанияларга ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген.

“Центерра” бул сот жараяны “Кумтөр Голдго” жана “Кумтөр Оперейтингге” каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган.

Бул иш боюнча алгачкы соттук отурум 8-июнда өттү. Анда кандай чечим кабыл алынганын, бул сот боюнча кыргыз тараптын жүйөсү кандай экенин Бенжамин Минц жазуу түрүндөгү комментарийинде түшүндүрүп берди.

- 8-июнда АКШнын банкроттуулук боюнча сотунун судьясы “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” каршы бардык арыздардын дүйнөлүк алкакта автоматтык түрдө токтотулушун ишке киргизүү жөнүндө өтүнүчүнө макулдук бергени кабарланды. Ушундай чечим болгонун ырастайсызбы? Бул өтүнүч боюнча Кыргызстандын позициясы кандай?

- Сурооңуз үчүн рахмат. Бирок бул суроого "жок" деген жоопту берем. 8-июнда андай болгон жок. Бирок АКШнын банкроттуулук мыйзамдары жана процедуралары менен тааныш эмес адамдар үчүн бул чаташтуу жагдай болушу мүмкүн. Иш жүзүндө 8-июнда сот орчундуу чечим кабыл алган жок. Бул болгону биринчи процедуралык конференция болду.

АКШнын мыйзамдарына ылайык, Кошмо Штаттарда банкроттуулук боюнча арыздын жолдонушу "автоматтык токтото туруу" деген жол-жобону ишке киргизет. Бул жобо компаниянын мүлкүн сактоо үчүн жана эгер компания ишин улантып жатса, андагы жүрүп жаткан операцияларды коргоо үчүн колдонулат.

Америкалык эмес компанияларга жана "автоматтык токтото туруу жөнүндө" мыйзамдык жобо менен тааныш эмес жеке адамдардын пайдасы [кызыкчылыгы] үчүн судья бул жобону буйрук формасында колдонууга макул болду. Аталган буйрук мажбурлап күчкө киргизилет дегенди жана “Кумтөр Голд Компани” менен “Кумтөр Оперейтинг Компаниге” каршы доолор токтотулат дегенди билдирбейт. Бул болгону тиешелүү тараптардын укуктары менен милдеттерин өзгөртпөй турган административдик буйрук.

- “Центерра Голд” компаниясы 31-майда жарыялагандай, “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде Нью-Йорктун Түштүк округдук сотуна кайрылган. Эмне үчүн Кыргызстан бул компаниялар 11-бөлүмдүн негизинде арызданууга мыйзамдык ыйгарым укугу жок деп эсептейт? Бул арыздануу же сотко кайрылуу Бишкек үчүн эмнени билдирет?

- Кыргызстан банкроттуулук боюнча бул петиция көптөгөн себептерден улам четке кагылышы керек деп ишенет. 11-бөлүмдүн алкагындагы петиция кара ниеттик менен жөнөтүлгөн деп түшүнөбүз. Себеби, анын ниети реорганизация же карызды төлөөгө жөндөмсүз экенин көрсөтүү үчүн эмес, тескерисинче “Центерра Голддун” бардык жолдор аркылуу тышкы башкаруунун кенди иштетүү аракетине кийлигишүү стратегиясынын уландысындай көрүнүп жатат.

Иш жүзүндө “Центерра Голддун” жактоочусу 8-июндагы соттук угууда “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” төлөмдөрүн ишке ашырууга жөндөмдүү экенин айтты.

“Центерранын” адвокаты 8-июндагы отурумда кыргыз өкмөтү Кумтөр долбоорун тартып алганын же тартып албаганын (экспроприация) жана кандай кенемте төлөнүшү керектигин эмне үчүн банкроттуулук боюнча судья чечет деп талашканын белгилейм. Бул ачык эле нонсенс жана “Центерра Голд” бузулду деп санаган келишимдердин баарындагы арбитраждык жоболорго толугу менен шайкеш келбейт. Ал жоболорго ылайык, талаштар Стокгольмдогу арбитраждын предмети.

Кумтөр: Эл аралык сотко жеткен эрегиш
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:03 0:00

Ошондой эле Кыргызстан “Центерра Голддун” өкүлдөрү банкроттуулук боюнча ишти демилге кылууга ыйгарым укугу жок болчу деп ишенет. “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” бул кыргыз компаниялары жана АКШ соту ишкананын атынан сүйлөөгө кимдин ыйгарым укугу бар экенин чечип жатканда кыргыз мыйзамын колдонууга милдеттүү. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, “Центерра Голддун” чечими жараксыз. Азыркы шарттарда компаниянын атынан бир гана тышкы башкаруу органы сүйлөөгө укуктуу.

Кыргызстан мындан тышкары АКШ соту бул маселеде юрисдикцияга ээ эмес деп эсептейт жана эгерде андай болсо да, аны жүзөгө ашыруудан баш тартууга тийиш деп ишенет. Анткени Кыргызстанда иш алып барган жана кыргыз мыйзамдарына баш ийген кыргыз компанияларына байланыштуу банкроттук процесстин Нью-Йоркто өтүшү өзү акылга сыйбайт.

Мен белгилеп коюшум керек, АКШнын "Чет өлкөлөрдүн суверендүү иммунитети жөнүндө" мыйзамы жана жалпы мыйзамдык доктриналары америкалык соттун Кыргызстан сыяктуу суверендүү мамлекетке карата чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүн бир топ чектейт. Кыргыз бийлиги чет өлкөнүн мыйзамдарына эмес, кыргыз мыйзамдарына (жана колдонуудагы эл аралык келишимдерге) ылайык иш алып барууга милдеттүү.

- “Кумтөр Голд Компанинин” сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, АКШнын Банкроттуулук соту [доолорду] автоматтык токтото туруу процедурасы иштеп жатканы үчүн Кыргызстанды өз буйругунун чөйрөсүнөн четтетүүдөн баш тартканы айтылды. Бул эмнени билдирет?

- Кайталап коеюн, 8-июнда судья орчундуу же акыркы чечимди кабыл алган жок. АКШнын соттору тиешелүү процедураларды аткарышы керек. Банкроттуулук боюнча сот жаңы эле башталды жана учурда судьяда орчундуу чечим кабыл алууга негиз жок.

Сотто болгону эки тарап тең алдыда айта турган айрым аргументтерин көрсөтүштү. Бирок судья аларды кароо үчүн соттун датасын аныктардан мурда бул аргументтер жазуу жүзүндөгү расмий өтүнүч катары жолдонушу керек. Судья акыркы чечим чыгарганга чейин талап кылынган процедураларды аткара турганын жана азырынча автоматтык токтото туруу жобосу күчүндө экенин ырастап гана койду.

- Алдыдагы апталарда АКШнын Банкроттуулук сотунда дагы эмне күтүлөт?

- Кыргызстан бул ишти токтотуу боюнча расмий өтүнүч келтирет. Ал өтүнүч карала турган дата белгиленет. Июль айында судья менен дагы бир [соттук] конференция болчудай. Келе жаткан апталарда сотто орчундуу чечим кабыл алынары күтүлбөйт. Бирок, албетте, бул маселе боюнча башка да процедуралык иш-аракет болушу мүмкүн.

Отуз жыл оюлган Кумтөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:38 0:00

- Май айында кыргыз өкмөтү экологиялык зыянды жана салык маселелерин жүйө келтирип, “Кумтөр Голд Компаниге” тыштан башкаруу киргизген. “Центерра Голд” айыптоолорду четке кагып, кыргыз тараптын аракетин кенди “негизсиз басып алуу” алуу деп мүнөздөгөн. Кыргызстандын мыйзамдары жана эл аралык мыйзамдардын алкагынан караганда кенге тыштан башкаруу киргизүү чечими канчалык мыйзамдуу?

- Мен кыргызстандык адвокат эмесмин. Бирок мен түшүнгөндөн, учурдагыдай жагдайларда тыштан башкаруу киргизүүгө уруксат берүү үчүн жакында компаниялардын мыйзамдары өзгөртүлгөн. “Центерра Голд” бул чечимге макул болбой жатканы менен мен алардын муну кыргыз мыйзамдарын бузуу катары ырастаганын билген жокмун.

Эл аралык мыйзамдар дегенде эмнени айтканыңызды так билбей турам. Бирок бул маселеде колдонула турган эл аралык келишимдерди билбейм. “Центерра Голд” тарабынан эл аралык мыйзамдарга байланыштуу дооматтардан да кабарым жок. Алар муну келишимдердин бузулушу деп атап жатышат. Бирок келишимдер эл аралык мыйзам эмес. Алар келишимдер гана.

Албетте, Кыргызстан “Центерра Голд” менен макул эмес, компания кыргыз мыйзамдарын жана тиешелүү келишимдерди бузган деп эсептейт.

Ред: Азырынча “Центерра Голддун” адвокаттары 8-июндагы соттук отурум жана “Кумтөр Голд Компанинин” мыйзамдык макамы тууралуу суроолорго жооп бере элек.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG