Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

COVID-19: АКШда Novavax вакцинасы сыноодон өттү


Novavax вакцинасын клиникалык сыноонун жыйынтыктарын иштеп чыгуу. АКШ, Мэриленд штаты.
Novavax вакцинасын клиникалык сыноонун жыйынтыктарын иштеп чыгуу. АКШ, Мэриленд штаты.

Америкалык Novavax фармацевтикалык компаниясы дүйшөмбү күнү COVID-19 илдетине каршы вакцинасынын клиникалык сыноонун үчүнчү фазасынын жыйынтыгын жарыялады.

Анын натыйжалуулугу 90,4% түздү. Вакцинаны сыноого АКШ менен Мексикадан 30 миңден ашуун ыктыярчылар катышты.

Маалыматка караганда, ал илдеттин оор өткөн түрүн 100% натыйжа менен алдын ала турганы көрсөтүлдү. Анткени, клиникалык сыноолор учурунда ага катышкандардын эч кимиси коронавирустун оор түрү менен ооруган эмес.

Novavax алдыдагы кварталда АКШда өзүнүн вакцинасын каттоого өтүнмө жибере турган болду.

Азыркы учурда АКШда Pfizer/BioNTech, Moderna жана Johnson & Johnson компанияларынын препараттары катталып, колдоого ээ болду. Кошмо штаттарда ушул күнгө карата калктын 140 миллиондон ашууну эмделди.

Орусияда бул көрсөткүч бир топ төмөн. NBC телеканалы АКШ өзүндө таңсыктык жок болгондуктан, башка муктаж өлкөлөргө вакциналардан бөлүшүп, кайрыла турганын жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG