Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:50

SIPRI: Орусия менен АКШ өзөктүк куралдын санын көбөйттү


Дүйнөдө өзөктүк куралдын саны өсүүдө.
Дүйнөдө өзөктүк куралдын саны өсүүдө.

Дүйнөдө кеңири жайылган өзөктүк куралдын саны 3720дан 3825ке өстү. Орусия менен АКШга жогорку даярдыктагы абалда турган эки миңге чукул өзөктүк дүрмөт таандык.

Бул тууралуу Тынчтыктын көйгөйлөрүн изилдеген эл аралык Стокгольм институтунун (SIPRI) 14-июндагы баяндамасында жарыяланды.

Ошол эле кезде дүйнө жүзүндө өзөктүк куралдын саны 13 400 минден 13 080ге азайган. SIPRI институтунун эксперттеринин маалыматы боюнча Орусия өзөктүк дүрмөттөрүнүн санын 120га кыскартса, АКШда ыкчам күчтөрдүн карамагындагы 250 дүрмөт эсептен чыгарылган же жок кылууну күтүп турганы белгилүү болду.

Ошол эле маалда орусиялык өзөктүк арсенал континенттер аралык жаңы баллистикалык ракеталарды кабыл алуунун эсебинен 180 дүрмөткө көбөйгөн.

Баяндамада өзөктүк куралдын 90% чукулу Орусия менен АКШга туура келери көрсөтүлгөн. Вашингтон менен Москва улуттук коопсуздукту чыңдоо үчүн мындай кадамга барып жатканын түшүндүргөн. Британия, Кытай, Индия жана Пакистан сыяктуу өзөктүк куралга ээ жети өлкө да ушул максатта жаңы системаларды түзүп жатканын же ошондой ниети бардыгын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG