Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Токаев менен Халилзад Ооганстандагы коопсуздукту талкуулады


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад. 14-июнь, 2021-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад. 14-июнь, 2021-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзадды кабыл алды. Бул тууралуу 14-июнда Казакстандын расмий маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Жолугушууда тараптар Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоонун шартында казак-америкалык кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Анда Ооганстандан АКШ аскерлери чыккандан кийинки коопсуздукту камсыздоо маселеси көтөрүлгөн.

Халилзад жолугушуу маалында Ооганстандагы кырдаал жана мындан аркы тынчтык жараяны тууралуу өзүнүн көз карашы менен бөлүшкөн.

АКШнын Мамлекеттик департаменти азырынча маалымат жарыялай элек.

Атайын өкүлдүн чөлкөмгө болгон иш-сапары АКШ ооган жергесинен аскерлерин чыгарып жаткан жана бул өлкөдө кайрадан жарандык согуш коркунучу тереңдеген учурга туш келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG