Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 18:06

“Манастын урпагы экенибизди далилдейли"


Мамлекеттик тууну көтөрүү учуру. Улуттук гвардиянын жоокери. Бишкек. Архивдик сүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Кенжеке Кадыралиевадан келген блог.

Дүйнө жүзүндө канчалаган түркүн улут, түркүн эл бар. Бири кайнаган ысык чөлдү мекендесе, кээ бирлери жайынан кышы арбын, ак кар, көк муздуу аймакта жашашат. Бири өз тилинде сүйлөсө, кээ бири өз тилин унутуп, өзгө тилде сүйлөп калган. Ал эми өз мекени жок, өзгө жерлерде чачыранды жашап калган улуттарчы.

Мына ушуларга ой жүгүртүп келип, анан өзүндүн элиң, жериң, мекениң жөнүндө ойлоносуң. Кыргыз эли өтө эле байыркы эл. Азыр өз мамлекети бар. Карт тарыхка сереп салсак, мындан эки миң жылдан ашык убакыт мурун кыргыз өз мамлекетине ээ болгондугун кытай тарыхчысы(Сыма-Цян) кагаз бетине түшүргөнүн билебиз. Анан улуу кыргыз каганаты болгонунан кабарыбыз бар. Совет доорунда союздук республика болдук. Ал эми 1991-жылдан бери эгемен мамлекетпиз. Негизинен, тарыхый маалыматтарга таянып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленбедиби.

Кыргыз элинин эгемендигин Манассыз элестетүү болбойт. Чет элдик атактуу аалымдар, окумуштуу-илимпоздор “Манас” эпосу "кыргыз турмушунун энциклопедиясы”деп баа бергени эмне деген керемет.

Биздин бабаларыбыздын эң баалуу бизге калтырган мурасы - берекеси төгүлгөн касиеттүү Ала-Тоо жергеси эмеспи. Айкөл Манас бабабыз алыскы Алтайдан Ала-Тоого алып келип, элдин желегин желбиреткенин айтпай кетсек болбойт.

Ал тууралуу "Манас" эпосунан мындай үзүндү айтылганын кошо кетсек:

Бөлөк тоону жакалап,

Көк жалың Манас жол жүрүп,

Ат аябай мол жүрүп,

Сонун эл, сонун жер көрдү,

Аркайган Ала-Тоо көрдү,

Аркырап аккан суу көрдү.

Булутка тийип баштары,

Бозоруп турат аскары,

Көккө тийип баштары,

Көгөрүп турат аскары,

Тоолору туташ кары бар,

Токоюнда чары бар.

Жан жаралган ар түрдүү,

Жаныбарлар дагы бар...

Жер соорусу турбайбы,

Муну жердеген адам тунбайбы!...

Мына ушул байыркы жерде мамлекет куруп жашап жатабыз. Ошол күндөн ушул күнгө чейин элибиздин шам чырагы - мамлекеттүүлүк башкы багытыбыз, узак жолубуз.

Учурда кыргыз эли ааламдашуу дооруна туш келип турган чагыбыз. "Ушул учурда кыргыз элине эмне жетишпей жатат?" деген суроо келет. "Биздин элдин урааны, түпкү мүдөөсү, улуттук идеянын өзөгү кыймылдаткыч күчү, улуттук идеология кайда?" деген суроо түйшөлтөт.

Демек, кыргыз элинин жана кыргызстандыктардын коопсуз бакубат жашоосун, дөөлөттүү өмүр кечиришин камсыз кылууда мамлекетибиз кандай жолдо турат деген изги тилектер жашап келет. Өз мекенибиздин абалын көтөрүп, калкыбызды жумуш менен камсыз кылып, эмгек маянасын татыктуу жашоого жеткизе турган убакыт келди. “Өңгөнү коюп Манасты айт!” дегендей, тажик эли менен кыргыз элинин ортосундагы чыр-чатактан сабак алышыбыз керек.

Баары текши байышкан, эң кедей деген кыргыздын эшик алдында төрт-бештен күлүк байланып турган. Байлык топтоп, кыргыздарды малайлыктан куткарган. Ошол эле учурда тилин, дилин, салт-санаа, үрп-адатын жоготпостон, бириндеп жоголбой, улутун сактагандыгы бүгүн бизге үлгү десек болот.

Ушул ийгиликтерди жаратууда билерман, көрөгөч Акбалта акыл таап, алтындын кенин казып, жер жыртып, аштык айдоого жан жабыла аттандырат эмеспи. Демек, Акбалта, Манас ата да кыргыз элинин бардар жашоосун камсыз кылышкан. Бүгүнчү? Биздин ажолорубуз кайда? Алардын мүдөөсү эмне?

Ушундан улам кайра эле Манас атабызга кайрылып, мамлекетти башкаруудагы анын өзгөчөлүктөрүнө токтолсок. Биринчиси - билгичтиги, экинчиси - эрдиги, үчүнчүсү - уюштуруучулугу бүгүн биздин ажо, мамлекет башында турган чиновниктерге үлгү, жол көрсөткүч десек жаңылбайбыз. Бул мамлекеттик идеологиянын эң башкы мүдөөсү чоң саясаты болууга тийиш. Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе, Манастын сөзү менен аткарган ишинин дал келгендиги.

Бардар, бакубат, коопсуз жана дөөлөттүү турмушту курууда эгемен Кыргызстандын саясаты жалпы кыргызстандыктардын кызыкчылыгын көздөгөндө гана жемишин берет эле.

Дүйнө элдериндеги өнүгүүгө көз чаптырып, Жапония, Кытай, Түркия ж.б. өлкөлөрдү алсак. Кытайдагы өнүгүүнүнүн жолу акылман Конфуцийдин этикалык-философиялык окуусу, адептик насааттары байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейин жогору бааланып, аны “он миң муундун мугалими, окутуучусу” деп ардакташат. Конфуцийдин философиясы, насаат сөздөрү Кытайдын нравалык идеологиясына айланып, өнүгүүнүн жолунда турат. Ал эми Жапония, Түркия ж.б. мамлекеттер өздөрүнүн улуттук баалуулуктарын сактап, ага таянып өнүгүүдө.

Ал эми эгемен кыргыз эли өзүндө канчалаган Конфуцийлер турса да, мисалы, Манас, Калыгул, Арстанбек, Жеңижок, Тоголок Молдо, Токтогул ж.б. санасак сан жетпеген залкарларыбыздын идеялары четте калганы адамды кейитет.

Тээ “Манастан” бери келе жаткан Көзкамандар же болбосо башкача айтканда, Абыке, Көбөштөр бүгүн да эгемен элибиздин өнүгүүсүндө көп кыйынчылыктарды жаратып, алакандай элди бөлүп-жарууда.

Сөзүмдүн акырында айтаарым, элибизге биримдик, ынтымак, бакубат, бардар жашоо, денибиз сак болуп, кыйынчылыктарды жеңип, жалкоо болбой эмгектенели!

Эгин айдап, мал багып, алдыңкы технологиялардан артта калбай, кен иштетип, билимдүү, илимдүү болуп, дүйнө элдерине тең ата жашап, эгемен Кыргызстан деп аталып, цивилизациялуу өлкөгө айланалы! Муундан-муунга Манастын урпактары экенибизди далилдейли.

Кенжеке Кадыралиева

Эскертүү: Автордун ою “Азаттыктын” көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG