Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Башкаларга үлгү болсок дейм...


Борбордук аянттагы желек көтөрүү. Бишкек. Архив.
Борбордук аянттагы желек көтөрүү. Бишкек. Архив.

"Азаттыктын" эгемендүүлүгүбүзгө карата өткөрүп жаткан бул сынагына мен да жүрөгүмдү оорутуп жүргөн, өзүмдүн жеке оюмду камтыган макаламды жазууну туура көрдүм.

Аты-жөнүм Орозгелди Жаныбай уулу. Бишкек шаарындагы мамлекеттик университеттердин биринде 3-курста окуйм. Жүздөгөн жылдардан бери самап жана көксөп келип, максаттарына жеткен ата-бабаларыбызды эскерип, замандаштарымды эгемендүүлүгүбүздүн 30 жылдыгы менен куттуктайм.

Кыргызстан эгемендик алгандан алты жылдан кийин төрөлгөнүмө карабай, бул мамлекеттин толук эгемендүүлүккө болгон күрөшүн дагы да болсо сезип келем. Айтайын дегеним, эгемен мамлекет болуу жөн гана дүйнө өлкөлөрүнүн таануусу гана эмес, ошол өлкөдө жашаган элдердин да эгемен болушу.

Биз эгемендүүлүктүн негизги принциптери болгон сөз эркиндигин, адам укугун, ар бир адамдын оюн сыйлоону жана улутуна, тилине, динине, жынысына карабай мамиле жасоону эми өздөштүрүп бараткандайбыз. Ошол эле учурда өз оюбузду эркин айта албай, баягы эле бай жана бий адамдарды же болбосо бирөөнү кумир тутуп, аны өзүбүздөн акылдуу көрүп, анын каталарын көрбөй, баш-отубуз менен ээрчигенибизден келип чыккан чоң каталарыбызды эки чоң революция жана улуттар аралык козголоңдор менен төлөдүк.

Бул каргашалуу окуялар 30 жыл ичинде, эгемен мамлекетибизге оор зыяндар менен бирге канчалаган адам өмүрлөрүн алып кетти. Керек болсо жаныбарлардын укугу сакталган мамлекеттер бизди карап тынчсыздануусун билдирип жатышты.

Бул окуялар бизге чоң сабак бергенин учурунда туйбасак керек. Себеби, эгемендүүлүгүбүздү алдырып коюу коркунучу ар бир кыргызстандыкты кылдын үстүндө бара жаткандай сездирип турду.

Коркконубуз - азыркы дүйнө элинде болуп жаткан согуш, кагылышуулардын биздин да башка түшүшү эле. Ал согуштардын да эки улуттун же эки көз караштын бириге албоосунда болуп жатканы талашсыз. Үстөл үстүндө чечиле турган маселелер согуш майдандарында, калем менен баракка боёло турган маселелер курал менен адам денесин канга боёп жатканы азыркы толук эгемен болуп жетилип келе жаткан, баарын башыбыздан өткөргөн бизди тынчсыздандырбай койбойт.

Алдыбызды карап сабак алып, артыбызга да сабак берип жаткан учурубуз. Советтер союзунан таркаган 15 мамлекет менен чогуу баштаган бул сапарыбыздын маарага жакындагандары арасында экендигибизди FREEDOM HOUSE сыяктуу эл аралык уюмдар билдирип келет. Биздин бул аздык кылган ийгилигибиз жогоруда айтып өткөн каргашалуу күндөрдү башыбыздан өткөргөндөгү жеңишибиз эле. Дүйнө элин каптап турган пандемия учурунда да кыргызстандыктар орусу, өзбеги, кыргызы, уйгуру, дунганы баш болуп биригип улутчулдукка чекитти койдук.

Дагы да чекит коюла турган маселелерибиз бар. Биз 1992-жылдары койгон Орто Азиянын эң эркин, Демократиялык мамлекети болуу максатыбыздан кайтпайбыз.

Биз бул максаттарыбызга жетерден мурун кээ бир жаман сапаттарыбызды, курулай намысыбызды токтотуп, ар бир адамдын укугун сыйлоону өздөштүрүп алганыбыз туура болот. Себеби, англиялык чоң саясатчы Уинстон Черчилл “Бүгүнкү күн менен кечээги күн урушуп кетсе, эртеңки күн жеңилет “ деп айтып кеткендей, азыр талашып-тартыша бербей, бири-бирибиздин оюбузду сыйлап, аз да болсо алдыга кадам таштаганыбыз оң. Ошондо гана саясий стабилдүүлүк орноп, экономикабызды оңдоого шарт түзүлөт. Мен Кыргызстан эгемендиктин 50-жылында алдыга койгон максаттарынын баарына жетип, башка өлкөлөргө да үлгү болот деген толук ишеничтемин. Бул максаттарга жетүүдө баарыңыздарга күч кубат каалайм.

Орозгелди Жаныбай уулу, студент

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG