Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:36

COVID-19: Жалал-Абадда облустук ооруканада орун калбай калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү 65 керебеттин баары толуп калгандыктан, кошумча стационар ачуу зарылчылыгы жаралды.

Бул тууралуу 14-июнда облустук штабдын жыйынында өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн биринчи орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

“Жалал-Абад облустук ооруканасындагы керебеттер толуп калгандыктан, Аксы жана Ноокен райондук ооруканалары коронавируска чалдыккандарды кабыл ала баштады. Акыркы учурда эң көп коронавирус менен кайрылгандар Ноокен районунун тургундары болууда. Ошондуктан облустагы кырдаалды эске алып, аймактардагы тийиштүү адистерден 1-июлга чейин ооруну алдын алуу үчүн сунуштарды карап чыгабыз. Бул үчүн чектөөлөр каралат. Алар коомдук жайлар, каттамдар, той-аштарды кыскартуу”.

Жалал-Абад облусунда ушул тапта 489 киши COVID-19 илдетин жугузуп алса, алардын 65инин абалы оор, 348 адам үй шартында дарыланып жатат. 14-июнда оору дагы 64 адамдан аныкталды.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, соңку бир күндө Кыргызстанда вирустан тогуз киши көз жумду. Июнь айынын эки аптасында эле вирустан 93 бейтап каза болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери расмий эсепте ажал тапкандардын жалпы саны 1899 кишиге жетти.

14-июнга карата коронавирус жуккан дагы 459 адам катталды. Оору жуктуруп алгандардын жалпы саны 110 829га жетти. Бир суткада 257 киши вирустан айыкты, 2041 адам ооруканада, 2 949 киши үйүнөн дарыланууда. Ооруканада жаткандардын 582си оор, 96сы өтө оор абалда. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG