Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Байден Путин менен ачык сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди


Байден, Трамп, Путин. Коллаж.
Байден, Трамп, Путин. Коллаж.

АКШнын президенти Жо Байден Корнуолледе "Чоң жетинин" саммитин жыйынтыктоочу маалымат жыйында Кошмо штаттары дүйнөлүк аренага кайтып келгенин билдирди. Дүйнөнүн демократиялуу, өнүккөн жети мамлекеттинин лидерлери коронавирус пандемиясын, Кытайдын дүйнөлүк соодага таасирин жана башка маселелерди талкуулашты.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен 16-июнда Женевадагы жолугушууда аны менен ачык сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

“Биздин аны менен жолугушуубуз бул биздин аны менен талаш-тартышыбыз. Биздин ортодогу көйгөйлөр боюнча аны менен менин ачык сүйлөшө турганыма сиздер күмөн санабай турганыңыздарды билем”,- деди Байден.

Ошондой эле ал Орусия менен кибер кылмышкерлерди алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн ачык экенин айтты. Андан сырткары Ливия боюнча Орусия менен биргеликте иштешүү зарыл экенин белгиледи.

Лидерлердин кездешүүсү эки өлкөнүн мамилеси чыңалып турган учурга туш келди.

Байден менен Путиндин Женевадагы жолугушуусу АКШ президентинин демилгеси менен өткөнү жатат. Кремль бул сунушка көпкө жооп бербей жатып, акыр-аягында макул болгон. Бул анын Путин менен президент катары биринчи жолугушуусу болмокчу.

XS
SM
MD
LG