Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Израилде Нетаньяхунун бийлиги аяктады


Биньямин Нетаньяху, 13-июнь, 2021-жыл.
Биньямин Нетаньяху, 13-июнь, 2021-жыл.

13-июнда Израилде колаициялык өкмөттүн курамы бекитилди. Ошентип Биньямин Нетаньяху бийликтен кетмей болду. Ал өкмөттү катары менен үч жолу, жалпысынан 12 жыл башкарды.

Жаңы өкмөттү мурдагы коргоо министри, оңчул саясатчы Нафтали Беннет жетектейт. Коалициялык өкмөткө Беннет менен макулдашууга жетишкен Яир Лапид башында турган центристтик партия да кирет. Алар алгачкы эки жыл Беннет премьер-министр болсо, калган эки жылын Лапид өкмөттү башкара турганын макулдашкан.

Добуш берүүнүн алдында Беннет Кнессетке жасаган кайрылуусунда Нетаньяхуга ыраазычылыгын билдирди.

Израилде март айында соңку жылда төртүнчү жолу парламенттик шайлоо болуп өткөн. Буга чейинки шайлоолордо бир да партия көпчүлүк добушту албай, коалиция түзө албай келишкен. Өлкөнү узак жылдар бою жетектеп келген премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы эч бир саясий күч менен коалиция түзө алган эмес.

Оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү “Израилде ушуну менен Биньямин Нетаньяхунун доору бүттү” деп жарыялашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG