Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Израилде оппозициячыл партиялар коалиция түзгөнүн жарыялашты


Нафтали Бенет.
Нафтали Бенет.

Израилде "Еш Атид" ("Келечек бар") оппозициячыл партиясынын лидери Яир Лапид өкмөт куроо үчүн коалиция түзүлгөнүн жарыялады. Лапид бул тууралуу 2-июнда түн ортосунда чейин уланган жыйындан кийин өлкө президентине кабар берди. 3-июнь өлкөдө өкмөттү куроо боюнча соңку мөөнөт болчу.

Израилде өкмөт куроо боюнча партиялардын арасындагы сүйлөшүү бир нече аптага созулду. Жыйынтыкта коалицияга арабдар түзгөн РААМ (Бириккен араб тизмеси) партиясынын кирүүгө макулдук берген.

Оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү “Израилде ушуну менен Биньямин Нетаньяху премьер-министр болгон доор бүттү” деп жарыялашты.

Эми жаңы өкмөт 14-июнда ант берип кызматка киришери күтүлүүдө. Коалициядагы ири "Ямина" жана "Еш Атид" партиялары премьер-министрди эки жылда алмаштырып турууну макулдашты. Алгач болуп ультра оңчул “Ямина” партиясынын лидери Нафтали Бенет премьер-министр болушу мүмкүн. Андан соң эки жыл Яир Лапид өкмөттү жетектейт.

Reuters агенттиги Нафтали Бенетти технология жаатындагы бизнес кылган миллионер деп жазды. Ал Палестина мамлекетин түзүүгө караманча-каршы болуп, оккупацияланган Батыш жээктеги аймактарды аннексиялоо керектигин айтып келет.

Израилде март айында акыркы жылда төртүнчү жолу парламенттик шайлоо. Буга чейинки шайлоолордо бир да партия көпчүлүк добушту албай, коалиция түзө албай келишкен. Өлкөнү узак жылдар бою жетектеп келген учурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы эч бир саясий күч менен коалиция түзө алган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG