Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:41

АКШнын мамкатчысы Жакынкы Чыгышка барды


Энтони Билнкен. АКШнын мамлекеттик катчысы
Энтони Билнкен. АКШнын мамлекеттик катчысы

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондун Газа тилкесинде ок атышууну токтотууну бекемдөө аракетинин алкагында Жакынкы Чыгышка барды.

Ал алгач Израилге барып, Палестин автономиясында, анан андан ары Иордания менен Мисирде Газада тынчтыкты орнотуу боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрө турганы кабарланды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен алгач Тель-Авивге барып, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга жолукту.

Блинкен эки тарап менен тең жолугат

Энтони Блинкен Вашингтон Израилдин коопсуздугун колдоп, анын өзүн коргоо укугун таанып, ошол эле кезде Газа тилкесинде тынчтыкты орнотуп, зомбулукту токтотууга кызыкдар экенин айтты.

“Газаны калыбына келтирип, ага гуманитардык жардам берүү үчүн ыкчам чараларды көрүү керек. Палестинанын эли жана палестин бийлиги менен мамилени жандантып, көмөк көрсөтүү маанилүү. Президент Байдендин көшөгө артындагы дипломатиясынын жардамы менен өткөн жумада ок атышууну токтотууга мүмкүн болду. Биз мына ошого таянышыбыз абзел. Эки тараптан тең жоготуулар көп болду. Жоготуулар сан менен аталат. Бирок мына ошол сан артында ар бир адам - бирөөнүн кызы, уулу, атасы, апасы, чоң эне, чоң атасы же эң мыкты досу турат” , – деди Блинкен.

Израилдин бийлиги Газадагы гуманитардык кризисти чечүү үчүн аймакка азык-түлүк, кийим-кече жана дары-дармек киргизүүгө уруксат бергенин билдирди.

Тель-Авив ХАМАСтан коргонуу үчүн гана Израиль тараптан Газага аба соккулары урулду деп эсептейт.

“Биз өзүбүздүн коргонуу укугубузду жактап, ага абдан маани беребиз. Эгерде ХАМАС дагы бир ирет биздин тынчтыгыбызды бузуп, Израилге кол салса, биздин жооп абдан катуу болот. Азыр биз ХАМАСты агрессияга түртүп, аны куралдандырган аракеттердин алдын алуу жолдорун биргеликте талкууладык”, - деди Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

Үзүлгөн байланышты улоо аракети

Блинкен Вашингтон Газадагы согуштан жабыркаган калкка гуманитардык жардам көргөзүп, калыбына келтирүү үстүнөн иштей турганын билдирди.

Андан ары АКШнын башкы дипломаты Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Рамаллада жолугуп, сүйлөшүү жүргүзөт. Анда АКШнын Палестина менен үзүлүп калган байланышын калыбына келтирүү маселеси талкууланары күтүлүүдө.

Батыш террорчул уюм катары тааныгандыктан Блинкен ХАМАСтын лидерлерине жолукпайт.

Анын Жакынкы Чыгышка иш сапары 27-майга чейин созулуп, Иордания менен Мисирдин жетекчилери менен дагы жолугуп, сүйлөшөрү мерчемделген. Газа тилкесинде биротоло тынчтык орнотуп, ок атышууну токтотуу үчүн касташкан тараптарды узак мөөнөттүү тынчтык келишимине көндүрүү шарттары талкуулана турганы айтылган.

Израил менен палестин жоочуларынын 11 күндүк айыгышкан согушунда Газа тилкесинде 250дөн ашуун адам өлүп, жүздөгөн адам жараат алган. Аба соккуларынан жүздөгөн турак жай кыйрап, шаардын калкы коопсуз жайларга орун которууга аргасыз болгон.

21-майда эки жактын ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүнө АКШнын демилгеси менен Мисирдин жетекчилиги арачылык кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG