Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Куршабда айыл өкмөт шайлоого каршы митинг болду


Куршаб айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына чогулгандар. 14-июнь, 2021-жыл.
Куршаб айыл өкмөтүнүн имаратынын алдына чогулгандар. 14-июнь, 2021-жыл.

14-июнда Ош облусуна караштуу Куршаб айыл өкмөт башчысын шайлоо митинг менен коштолду. Анын катышуучулары айылдык кеңештин депутаттарынан мурунку айыл өкмөт Алтынбек Ташиевди шайлоону талап кылышты.

Айыл өкмөт башчылыкка Алтынбек Ташиев жана Сактан Келдибаевдер өздөрүнүн талапкерлигин көрсөткөн. Шайлоонун жыйынтыгында Сактан Келдибаев көпчүлүк добуш алган.

Атын атоону каалабаган айылдык кеңештин депутаты Келдибаевге 20 добуш берилгенин айтты.

«Сактан Келдибаев 20 добуш алып, айыл өкмөт болуп шайланды. Ал эми Алтынбек Ташиев 10 добушка ээ болду. Бир киши экөөнө тең каршы добуш берген. Шайлоо процессинде эч кандай мыйзам бузуу болгон жок», - деди айылдык кеңештин депутаты.

Чогулгандар депутаттарды добуш сатууга айыптап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып бийликке кайрылаарын билдиришти. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG