Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:46

Беларус бийлиги камактагы Протасевичти маалымат жыйынга чыгарды


Беларус, Минск. Тышкы иштер министрлигиндеги маалымат жыйынга камактагы Роман Протасевич алып келинди.
Беларус, Минск. Тышкы иштер министрлигиндеги маалымат жыйынга камактагы Роман Протасевич алып келинди.

Беларустун Тышкы иштер министрлиги Грециядан Литвага учуп бараткан Ryanair компаниясына таандык учакты Минск мажбурлап кондурган окуя тууралуу 14-июнда маалымат жыйынын өткөрдү.

Окуядан улам Минск менен Батыштын мамилеси курчуп турган учурда өткөн басма сөз жыйында ТИМ, Коргоо министрлиги жана башка мамлекеттик органдар өздөрүнүн версиясын айтып чыгышты. Маалымат жыйынына дипломаттар жана чет элдик журналисттер да чакырылды.

Бирок алардын көпчүлүгү жыйынга камакта отурган беларус блогери Роман Протасевич күтүүсүздөн алынып келингенде залды таштап чыгып кетишти. Алар блогер бийликтин кысымы менен сүйлөп жатат деп эсептешет. Бирок ал өз эрки менен чыгып, сүйлөп жатканын айткан.

Беларус бийлиги «учакты мажбурлап кондуруу атайын операция болгон эмес» деп ишендирүүгө далалат жасоодо.

23-майда өлкө бийлиги Грециядан Вильнюска бараткан учакты «бомба бар» деген шылтоо менен кондуруп, ичиндеги Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы кармап кеткен. Батыш мамлекеттери, укук коргоо уюмдары, оппозиция авторитардык лидер Александр Лукашенконун мындай аракетин сынга алып, журналисттин бошотулушун талап кылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG