Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

АКШда үч кыргызстандык бир жылдан бери дайынсыз болууда


Жоголду делген кыргызстандыктар.
Жоголду делген кыргызстандыктар.

АКШда үч кыргызстандык жаран бир жылдан бери дайынсыз болууда.

81 жаштагы Токтосия Курманбекова, анын 42 жаштагы кызы Насипа Душенова менен 10 жашар небереси Ализа Душенованын дайыны 2020-жылдын июнь айынан бери чыга элек.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Насипанын бир тууган эжеси Фатима Душенова кабарлады.

"Акыркы жолу сиңдим менен былтыр 8-июнда байланышкам. Ал жаңы жерге көчкөнү жатканын айтып, тыйын сураганынан акча салгам. Акчаны июндун аягында чыгарып алыптыр. Бирок ошондон бери үчөө тең дайынсыз. Сиңдимдин кызы Америкада төрөлгөн. Апам небереси мектепке барганда аны багышканы 2016-жылы АКШга кеткен эле. Аларды издөө үчүн полицияга, консулдук, элчиликке кайрылдык. Диаспорадан дагы жардам сурадым. Кыргызстанда Бишкектеги Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылсам, "өзүбүздө жоголгон адамды таба албай жатабыз" деген жооп алдым".

Душенова апасы, бир тууганы менен жээнинин дайынын билип берүүгө көмөк сурап акыйкатчыга да кайрылганын айтты.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек.

Акыркы ирет жоголгон кыргызстандыктар туугандары менен Миссисипи штатынан байланышкан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG