Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Казакстанда коронавирус күч алды


Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматынан скриншот.
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматынан скриншот.

Өткөн эс алуу күндөрү Казакстанда коронавирус илдетинин тест менен аныкталган 967 жаңы учуру катталып, 19 адам көз жумду.

Алардын үчтөн бири Нур-Султан шаары менен Караганда облусуна туура келет. Баш калаада 215 учур аныкталса, Карагандада 165 кишиден вирус табылды.

Быйыл март айынан бери өлкө боюнча жалпы инфекциянын лабораториялык жактан тастыкталган учуру 402 239 адамды түздү.

“Ковидге окшош өпкө кагынуусу” менен 12-июнда 11 учур аныкталганын Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Министрлик ПЧР-тест аркылуу лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19 илдети менен тест аркылуу аныкталбаган, бирок оорунун белгилери бар “өпкө кагынган” учурларды эки бөлөк каттап жатат. Министрликтин маалыматы боюнча пневмониянын мындай түрү 56 213 кишиден табылды.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан 4171 киши каза тапкан. Мындан башка дагы 3415 адам “вируска окшош өпкө кагынуусунан” көз жумган. Эки миңдей адам илдет козгогон оорулардан улам дүйнө салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG