Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Ишенапысова: Индия вакцина сатпай, "AstraZeneca" кечигүүдө


"AstraZeneca" вакцинасы.
"AstraZeneca" вакцинасы.

Кыргызстанга эл аралык COVAX программасы менен келе турган 210 миң доза "AstraZeneca" вакцинасы Индиянын Серум институту чет өлкөгө вакцина сатууну токтоткондон улам кечигүүдө.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова маалымдады.

"Индиядагы Серум институту чет өлкөлөргө такыр вакцина чыгарбай жатыптыр. Эл аралык келишим боюнча "AstraZeneca" вакцинасы Борбор Азияга Индия аркылуу келмек. Балким алар өзүнүн калкын эмдеп жатышат. Бирок азыркы тапта башка өндүрүүчүлөр аркылуу алып келүүнүн жолун издеп жатабыз. Негизи келишимге ылайык вакцина өлкөгө июнь же июль айында келмек".

Кыргызстанда эмдөө өнөктүгү 29-мартта башталган. Кытай жана Орусиядан жалпы 95 миң кишиге жеткидей дозазы, вакциналардын биринчи партиясы майдын аягында түгөнгөн.

Кытайдын "Sinopharm" вакцинасынын 150 миң дозасы 20-июнга чейин келери күтүлүүдө. Аны өлкөгө алып келүүгө UNICEF жардам берет. (BCh)

XS
SM
MD
LG