Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Минскиде сот София Сапеганын арызын четке какты


Беларус. Орусиялык активист София Сапега. 25-май, 2021-жыл.
Беларус. Орусиялык активист София Сапега. 25-май, 2021-жыл.

Дүйшөмбү күнү Минскиде сот беларус активистти Роман Протасевич менен бирге кармалган орусиялык София Сапеганын кармоонун мыйзамсыздыгына байланыштуу арызын канааттандырган жок.

Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги кабарлады.

Сот жараяны тергөө абагында отурган София Сапеганын катышуусу жок өттү. Бул анын кармоонун мыйзамсыздыгына даттанып, бирок сот четке каккан экинчи арызы.

Анын адвокаты Александр Филанович тергөө комитетинен София Сапегиге дагы бир жаңы иш козголгонун кабарлашканын айтты. Кайсы берене менен айыптоо коюлганын адвокат айткан эмес.

Укук коргоочулардын айтымында, буга чейинки ага коюлган айыптоолордун бири «кастыкты козутуу» беренеси боюнча болчу.

23 жаштагы София Сапега беларус оппозициялык блогери Роман Протасевич менен бирге 23-майда Афинадан Вильнюска учуп бараткан учак мажбурлоо жолу менен Минскиге кондурулуп, алар борттун ичинен кармалып, камакка алынган болчу.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги аны бошотуу боюнча Минскиге чакырыгы болгон жок. Беларус бийлиги орусиялык жаранды Минскиде соттошорун айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG