Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Протасевичтин видеосу санааркоону күчөттү


Беларустун ОНТ мамлекеттик телеканалынын журналист Роман Протасевич менен видео маегинен алынган сүрөт.
Беларустун ОНТ мамлекеттик телеканалынын журналист Роман Протасевич менен видео маегинен алынган сүрөт.

Беларустун мамлекеттик телеканалы журналист Роман Протасевичтин көзүнө жаш алып, өзүнө коюлган айыптарды "мойнуна алганын" айткан видеосун жарыялады. Бул видео журналист Беларуста кысымга кабылып жатканы тууралуу тынчсызданууну күчөттү.

Беларустун ОНТ мамлекеттик телеканалы журналист Роман Протасевич менен видео интервьюсун 3-июндун кечинде көрсөттү. Анда 26 жаштагы журналист жана блогер көзүнө жаш алып, "массалык башаламандык уюштурууга" байланыштуу айыптарды "дароо мойнуна алганын" айтканын көрүүгө болот.

Ошондой эле Протасевич маектин жүрүшүндө Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан, авторитардык жетекчи Александр Лукашенкону "сыйлай" турганын да кошумчалаган.

"Менин коомчулукка жасаган чакырыктарым көчөдөгү көзөмөлдөнбөгөн башаламандыкка жол ачканын түшүнөм. Иш жүзүндө Минскиде үч күн хаос өкүм сүрдү", - деп айткан журналист.

Протасевич былтыр август айындагы Лукашенкого жеңиш ыйгарылган талаштуу президенттик шайлоодон кийинки ири нааразылык акцияларын тынымсыз чагылдырган "Nexta-Live" телеграм каналынын негиздөөчүлөрүнүн бири эле.

Ал 23-майда сүйлөшкөн кызы София Сапега менен чогуу "Ryanair" авиакомпаниясынын учагы менен Афиныдан Вилньюска учуп чыккан. Бирок бул учак Беларустан Литванын аба мейкиндигине кирерге аз калганда "бортто бомба бар" деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда күчтөп Минскиге кондурулган жана борттогу Протасевич менен Сапега камакка алынган.

ОНТ телеканалы 2-июнда Протасевичдин башка видеосун жарыялаган.
ОНТ телеканалы 2-июнда Протасевичдин башка видеосун жарыялаган.

Протасевичтин соңку видео интервьюсу кайда, качан жана кандай шартта тартылганы белгисиз. Бирок байкоочулар бул видео советтик стилдеги пропагандалык материалга окшош экенин бир ооздон белгилеп жатышат.

Журналисттин атасы Дмитрий Протасевич уулу кыйноого кабылып жатканын Польшадан "Франц-пресс" жаңылыктар агенттигине курган маегинде айтты.

"Анын сөзүнө эч ким ишене албайт. Анткени булар уулумду кыйноо жана зомбулук көрсөтүү жолу менен алынган сөздөр. Мен кыйналып турам. Эмне сезип жатканымды сөз менен жеткире албайм. Кечирип койгула! Мен жана апасы Наталья да уулубуз үчүн санааркап турабыз", - деди Дмитрий Протасевич.

Соңку видео маектин алдында да Беларустун мамлекеттик телеканалдары Протасевичтин "күнөөсүн мойнуна алганын" айткан башка видеолорун да жарыялашкан.

Журналисттин ата-энеси 3-июнда "Настоящее время" телеканалына курган маегинде бул видеолор аркылуу "беларус бийлиги уулунун негизсиз кармалышын актоого аракет кылып жатканын" белгилешкен. Ошондой эле журналисттин бети-башында тактар бар экенин айтышкан.

Роман Протасевич соңку маегинин аягында көзүнө жаш алып, бир топко бетин колу менен жаап отурганын, мындан ары үй-бүлө куруп, эл катары жашагысы келерин айтканын көрүүгө болот.

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская: "Мындай видеолордун баары кысым алдында тартылат", - деп билдирди.

"[Күч колдонуу аркылуу] адамга каалаган нерсени айттырса болот", - деди Тихановская 4-июнда Варшавадагы маалымат жыйынында.

Роман Протасевич, 25-март 2012-жыл.
Роман Протасевич, 25-март 2012-жыл.

Ал АКШны, Британияны жана Евробиримдикти Лукашенко менен анын өкмөтүнө биргелешип, басымды күчөтүүгө чакырды.

Тихановскаянын кеңешчиси Франак Вечерка: "Бул мен билген Роман эмес" деп "Твиттерге" жазды.

Беларус активисттери жана укук коргоочулар София Сапеганын камакта кала бериши Роман Протасевичке кошумча кысым көрсөтүүнүн ыкмасы катары колдонулуп жатканын айтышууда.

Беларуста Лукашенконун бийлигине каршы нааразылык акциялары башталгандан бери 30 миңден ашуун адам кармалды. Алардын арасында ондогон журналисттер бар. Эми Беларуста Протасевич 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал отурган учакты кондуруу буйругун Лукашенко өзү бергени белгилүү болгон. Бул окуя Батыш өлкөлөрүнүн кескин сынына кабылып, бир катар аба компанияларынын учактарын Беларусту айланып өтүүгө аргасыз кылган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG