Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Беларус жарандардын четке чыгышына тыюу салды


Москвага бараткан беларустуктар. 28-май, 2021-жыл.
Москвага бараткан беларустуктар. 28-май, 2021-жыл.

Беларус өз жарандарына коронавирус пандемиясына шылтоолоп чет өлкөлөргө чыгууга убактылуу тыюу салды. Оппозиция бул чечимди "адам эркиндигин чектөөнүн дагы бир аракети" деп сынга алды.

Чек ара комитети билдиргендей, мамлекеттик кызматкерлерге жана чет жакта туруктуу жашоого уруксаты барларга гана тышка чыгууга уруксат бар.

Оппозиция лидери Светлана Тихановскаянын кеңешчиси өкмөттүн бул чечимин кескин сынга алып, Лукашенконун кадамын мыйзамсыз деп атады.

Буга чейин эл аралык коомчулук авторитардык лидер Александр Лукашенкону Ryanair компаниясынын учагын күч менен кондуруп, ичиндеги журналистти камакка алганы үчүн айыпташкан.

23-майда беларус бийлиги «ичинде бомба бар» деген шылтоо менен Афиныдан Вильнюска бараткан учакты күч менен кондуруп, журналист Роман Протасевич менен кошо анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы да кармаган.

26 жаштагы Протасевич "былтыр жапырт башаламандык уюштурууга катышы бар" деп айыпталууда. Күнөөсү далилденсе, ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Европанын бир топ мамлекеттери өз компанияларын Беларустун аба майданын айланып өтүүгө чакырып, беларус авиакомпанияларынын учактарын кондурууга тыюу салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG