Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековду колдогон митинг башталды


Асылбек Жээнбековдун тарапташтарынын митинги. Кара-Кулжа. 02.06.2021
Асылбек Жээнбековдун тарапташтарынын митинги. Кара-Кулжа. 02.06.2021

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда "Кумтөр иши" боюнча камалган депутат Асылбек Жээнбековдун эки жүздөн ашуун тарапташы митингге чыкты.

Алар Асылбек Жээнбековду камактан бошотууну, баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылууда.

"Ал ушунча жыл так иштеп, эки жолу спикер болду. Кумтөр Акаевдин учурунан бери келатат да”,- деди митингге чыккандардын бири Тентимиш Токторов.

Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон. Ал Кумтөргө байланыштуу 31-майда эки айга камакка алынды.

Атайын кызмат бир нече аткаминерлерге Кумтөр ишинен улам айып койду.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде 31-майда Асылбек Жээнбековдон сырткары, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул ишке байланыштуу күбө катары көрсөтмө берип чыккан. (МТа, DUu)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG