Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

ДССУ Кытайдын "Sinovac" вакцинасын жактырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кытайдын "Sinovac" компаниясынын коронавируска каршы вакцинасын колдонууга уруксат берди. Бул эл аралык уюм жактырган экинчи кытай вакцинасы.

1-июнда таратылган билдирүүдө уюм вакцинанын эки дозасынан кийинки натыйжалуулугу 51% түзөрү аныкталганын билдирген. Ошону менен катар бул препаратты сыноого бир нече улгайган адам катышкандыктан, анын 60 жаштан жогоруларды вирустан сактай аларына баа бере албай турганы жазылган.

Буга чейин ДССУ "Pfizer/BioNTech", "Moderna", "Johnson&Johnson", "AstraZenecа" жана кытайдын "Sinopharm" вакцинасын каттаган.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн 80 миңден ашуун адам өттү. Алар орустардын "Спутник V" жана "Sinopharm" вакциналарын алышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG