Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Шаардык кеңеш коомдук транспорттун жол киресин көтөрүү маселесин карайт


Бишкек шаарында каттаган муниципалдык транспортто эл жык. 2-июнь.
Бишкек шаарында каттаган муниципалдык транспортто эл жык. 2-июнь.

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортко жол кирени көтөрүү тууралуу токтомунун долбоорун шаардык кеңешке жөнөтөт. Бул тууралуу вице-мэр Русланбек Акылбеков маалымат жыйынында билдирди.

Ал Экономика жана финансы министрлиги коомдук транспорттун тарифине анализ жүргүзүп, жол кирени жогорулатууга макул болгонун айтты. Ошондой эле тарифин маселесин кароо соңку шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгарылышынан улам узарып кеткенин билдирди.

Бишкекте бүгүн, 2-июнда шаар ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары иш таштады.

Жыл башында коомдук транспорттун айдоочулары нааразычылык акциясына чыккан. Алар алгач маршруттук таксиге жол кирени 15 сомго, кийин 20 сомго чейин жогорулатууну талап кылышкан.

Бишкек шаардык мэриясы абалдан чыгуунун үч жолун сунуштаган. Эң ыңгайлуу жол катары маршруттук таксинин баасын – 15 сом, муниципалдык транспорттукун (тролейбус, автобус) 11 сомго көтөрсө болорун билдирген.

Бишкек шаарынын жүргүнчүлөрүнө 42 жеке маршруттук компания кызмат көрсөтөт. Үч миңден ашуун маршруттук такси элди тейлейт. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG