Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам боюнча макулдашуу тобу түзүлүүдө


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүү жөнүндөгү токтом долбоору 2-июнда Жогорку Кеңеште каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Макулдашуу тобунун курамында кимдер бар экени ачык айтылган жок. Мыйзам долбоорунун автору Гүлшат Асылбаева топко кирүү ниетин билдирген депутат Дастан Бекешевге авторлор же тийиштүү комитеттин мүчөлөрү гана кире аларын айтты.

Бекешев ага жооп кайтарып, мыйзам долбоору буга чейинки бийлик тушунда саясий максатта иштелип чыкканын, азыркы вариантында кабыл алуу туура эмес болорун, аны редакциялап, Интернеттеги “буллинг” сыяктуу көрүнүштөргө каршы күрөшүү үчүн кайра иштеп чыкса болорун белгиледи:

“Мыйзам долбоору саясатташкан. Ал кандай саясий шартта, кандай максатта жазылганын биз жакшы билебиз”.

Талкуу учурунда айрым депутаттар Дастан Бекешевди да макулдашуу тобунун курамына киргизүү керектигин айтышты.

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган. Демилгенин автору Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан "фейктерге" каршы багытталганын айткан. Бирок өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган демилге жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына туш болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG