Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:39

Адвокат: Пирматов Жапаровдун токтомун колдобогону үчүн камалды


Исхак Пирматов. 2020-жыл.
Исхак Пирматов. 2020-жыл.

“Кумтөр иши” боюнча камакка алынган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун жактоочусу Тимур Карабаев атайын кызмат Пирматовго кандай айып койгону тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Пирматов 2012-жылы парламенттин тармактык комитетин жетектеп турганда ошол кездеги депутат Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобой койгону үчүн айып коюлду.

“Исхак Пирматовго коюлган айып толугу менен – абсурд. Эч кандай далилдик базасы жок. Аны 2012-жылы ошол кездеги депутат Садыр Жапаров Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобогонуна байланыштуу айыптап жатат. Анда спикер Асылбек Жээнбеков долбоорду өткөрбөө үчүн депутаттар менен келишип, башкаларга бөлөк долбоор даярдоо тапшырмасын берип, Пирматов ошону аткарган деп жатышат. Бул айыптоонун баары курулай сөз. Депутат айткан сөзү, берген добушу үчүн жооп бербейт”.

2012-жылы депутат Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну көздөгөн радикалдуу кадамдарды сунуштаган долбоору менен чыккан. Бирок ал колдоо тапкан эмес.

Пирматовду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 31-майда кармаган. Ушул эле күнү атайын кызмат Жогорку Кеңештин 2011-2016-жылдардагы төрагасы, депутат Асылбек Жээнбековду, депутат Төрөбай Зулпукаровду. мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду, мурдагы депутат Талант Узакбаевди кармады. (МТа)

XS
SM
MD
LG