Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

"Озодлик": Мирзиёевдин күйөө баласы 6 миң долларга кеңсе буюмдарын алган


Ойбек Турсунов кеңсе буюмдарына мамлекеттик каражатты чыгымдаган документтин скрин-көчүрмөсү.
Ойбек Турсунов кеңсе буюмдарына мамлекеттик каражатты чыгымдаган документтин скрин-көчүрмөсү.

Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Ойбек Турсунов жалпы наркы 51 млн. сум же 6222 долларлык мамлекеттик каражатка Montblanc компаниясынын кеңсе буюмдарын сатып алганы аныкталды.

Тиешелүү документтер "Азаттыктын" өзбек кызматы – “Озодлик” радиосунун колуна тийген.

Алды-сатты келишимине ылайык, Montblanc үстөл буюмдарына кагаз кырка турган бычак, каттарды койгуч, блоттер пресс-папье, калем салгыч, калемсаптардын кымбат баалуу түрлөрү жана сүрөт салган алкак да бар. Ал 2018-жылы мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу жүргүзүлгөн. Бирок товарлар Montblanc компаниясынын расмий дилеринин өзүнөн эмес, Н.С Ким деген жеке ишкерден алынганы көрсөтүлгөн.

Журналисттер ырастагандай, Ойбек Турсунов ошол учурда президенттик администрациянын мамлекеттик резиденцияларды тейлеген иш башкармалыгынын башкы директору болуп иштеп турган.

Маалымат расмий түрдө тастыкталган эмес. Ойбек Турсунов азыр да бул кызматта иштейби же жокпу, азырынча белгисиз.

Президенттин дагы бир күйөө баласы Отабек Умаров президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары. Буга чейин журналисттер анын Tesla автоунаасы менен түнкү жарыштарды уюштуруп жана ага катышып келгенин жазып чыгышкан. Ошондой эле анын ММА күрөшүнүн футболкасын 100 миң долларга алганы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG