Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Түндүк-түштүк жолу: долбоордун баасы 937 миллион долларга чыкты


Түндүк-түштүк жолунун курулушу (Фото архивден). 2017-жыл.
Түндүк-түштүк жолунун курулушу (Фото архивден). 2017-жыл.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна тартылган каражат тууралуу маалымат берди.

Анын сөзүнө караганда, бул долбоордун баасы баш-аягы 937 миллион 500 миң доллар деп эсептелген. Анын ичинен 857 миллион 400 миң доллары насыя, 46 миллион 200 миң доллары грант. Бул каражат Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктарынан алынган. Кыргыз өкмөтү ага 33 миллион 700 миң доллар кошкон.

Бул тууралуу 14-июнда түндүк-түштүк жолунун курулушун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда айтылды. Анда комиссиянын мүчөлөрү жолду куруу салыштырмалуу кымбат экенин, иш шашылыш башталып, көп чыгым кеткенин айтышты.

Балыкчы–Кочкор–Чаек–Арал–Казарман–Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык жол Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки эң ири долбоорлордун бири катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. Долбоор 2014-жылы башталган. Кытайдын «China Road & Bridge Corporation» корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери үч фазага бөлүнгөн.

3-июнда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын сунушу менен жолду курууга байланышкан маселени иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG