Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

USAID Кыргызстандын төрт облусуна акысыз укуктук жардам берүүдө


АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандын Чүй, Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын бир катар айыл өкмөттөрүндө акысыз юридикалык жардам берип жатат. Аталган аймактын тургундарына үй-бүлөлүк укук, жер жана мүлк талаштары жана жарандардын тек-жайын тастыктаган документтерди алууда кеп-кеңеш берилүүдө.

Бул иш-чара “Жигердүү жарандар” долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды.

"Жигердүү жарандар" – USAID каржылаган жана FHI 360 ишке ашырып жаткан беш жылдык долбоор. Ал ACTED жана "Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.

Соңку төрт жылдын ичинде долбоордун алкагында 10 миңден ашуун кыргызстандыкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү, көмөктөшүү каралган.(MiK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG