Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

УКМК Бабановдун абакта машыгып жатканын төгүндөдү


Өмүрбек Бабанов.
Өмүрбек Бабанов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр иши боюнча айыпталып, камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун спорт залда машыгып жатканы тартылган тасма тууралуу маалымат таратты. Атайын кызматтын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева видео УКМКнын убактылуу кармоочу жайында тартылбаганын билдирди.

“Убактылуу кармоочу жай режимдик объект болуп саналат жана анын ичинде фото-видео тартууга тыюу салынган. Аталган видео материал фейк болуп эсептелинет”, - деди Кыдыралиева.

Буга чейин социалдык тармактарда Бабановдун спорт залда машыгып жатканы тууралуу тасма тарап, ал УКМКнын тергөө абагында тартылган деген маалыматтар чыккан.

Өмүрбек Бабанов 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка баргандан кийин кармалган. Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылган мурдагы премьер-министр Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камалган.

2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG