Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Кыргызстан Ооганстан менен баңгизатка каршы "Биргелешкен план" кабыл алат


Руслан Казакбаев менен Мохаммад Ханиф Атмар
Руслан Казакбаев менен Мохаммад Ханиф Атмар

Кыргызстандын башкы дипломаты Руслан Казакбаев Ооганстандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар менен Түркияда жолукту.

Анталия Дипломатиялык Форумунун алкагында кезиккен эки өлкөнүн министрлери эл аралык терроризмге жана баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы “Биргелешкен план” кабыл алуу зарылдыгын талкуулашкан.

Казакбаев кыргыз-ооган өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отурумун Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуштады. Бирок анын так датасы айтылган жок.

Кыргызстан маңзат ташылган жолдун боюндагы мамлекет экени айтылып жүрөт.

Адистер бул жолду "Түндүк маршрут" деп атап, Ооганстандын героини Тажикстандан Кыргызстан аркылуу тонналап, Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жашыруун каналдар аркылуу тарай турганын белгилешет. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG