Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Кумтөр: Исхак Пирматовдун бөгөт чарасын кароо 25-июнга калды


Исхак Пирматов 31-майда камалган.
Исхак Пирматов 31-майда камалган.

Бишкек шаардык соту "Кумтөр ишине" байланыштуу камалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасын кароону 25-июнга калтырды. Буга айыпталуучунун сот жараянына алынып келбегени себеп болду. Адвокат шаардык сотко аны үй камагына чыгаруу тууралуу арыз менен кайрылган.

Буга чейин экс-депутаттын адвокаты Тимур Карабаев Пирматов 2012-жылы парламенттин тармактык комитетин жетектеп турганда ошол кездеги депутат Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобой койгону үчүн айып коюлганын билдирген.

“Исхак Пирматовго коюлган айып толугу менен – абсурд. Эч кандай далилдик базасы жок. Аны 2012-жылы ошол кездеги депутат Садыр Жапаров Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобогонуна байланыштуу айыптап жатат. Анда спикер Асылбек Жээнбеков долбоорду өткөрбөө үчүн депутаттар менен келишип, башкаларга бөлөк долбоор даярдоо тапшырмасын берип, Пирматов ошону аткарган деп жатышат. Бул айыптоонун баары курулай сөз. Депутат айткан сөзү, берген добушу үчүн жооп бербейт”.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу үн каткан эмес.

2012-жылы Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия Кумтөрдү мамлекетке кайтарууну көздөгөн радикалдуу кадамдарды сунуштаган долбоору менен чыккан. Бирок ал колдоо тапкан эмес.

Пирматовду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 31-майда кармаган.

Кумтөргө байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган. Кийинчерээк тергөө менен кызматташуу шарты менен Узакбаев жана Баатырбеков үй камагына чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG