Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

“Кумтөрдүн” эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөт


Президент Садыр Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын эмгек жамааты менен жолукту. 15-июнь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын эмгек жамааты менен жолукту. 15-июнь, 2021-жыл.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фонду түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-июнда "Кумтөр" компаниясынын эмгек жамааты менен жолугушууда белгилүү болду.

Президенттин басма сөз кызматы анда Жапаров Кумтөр алтын кенинде мындан ары экология менен айлана-чөйрөнү коргоого көңүл буруларын айтканын билдирди.

Кыргызстан “Кумтөр Голд” ишканасына тышкы башкаруу киргизгенден бери бир айга жетпеген убакытта 44 миң унция алтын сатып, 40 миллион доллар дүң киреше алганы айтылды.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын эмгек жамааты.
"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын эмгек жамааты.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кирешесинин 1% түзүлгөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду да бар.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG