Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Футбол: Жапонияга каршы беттеште дарбазачы Матяш ойнойт


Павел Матяш. Архивдик сүрөт.
Павел Матяш. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын 15-июнда Жапониянын футболчуларына каршы оюнунда дарбазачы Павел Матяш оюн талаасына чыгат. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирлиги кабарлады.

Буга чейинки Монголия жана Мьянма менен болгон беттеште коронавируска шек саналган кыргызстандык үч дарбазачы тең оюнга катышкан эмес. Буга байланыштуу дарбазаны талаа оюнчалары тоскон.

Кыргыз футбол союзу ушундан улам Павел Матяшты Жапонияга жиберип, ал бул жолку оюнга чыкканы турат.

Жапониянын Суита шаарында 15-июнда (ред: Panasonic Stadium стадиону) Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы жапониялык атаандаштары менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те башталат.

Коронавирус илдетин жугузуп алган оюнчу менен байланышта болгон кураманын коргоочусу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев Жапония менен беттешке чыкпайт. Бирок ушул күнгө чейин аталган оюнчулардын тесттери бир да жолу оң жыйынтык көрсөткөн эмес. Бул чектөөлөр Жапония өкмөтүнүн COVID-19 илдетине каршы чаралары болууда.

Оюн 2022-жылы Катарда өтчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат.

Кыргызстан менен Жапониянын улуттук курамалары 2019-жылы Бишкекте күч сынашып, кыргыз спортчулары 0:2 эсебинде утулган.

Жапониянын Осака шаарында 7-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилип, 11-июнда Мьянманы 8:1 эсебинде уткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG