Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

АКШдагы мекендештер Баткенге 18 млн. сом берди


АКШдагы журтташтар.

АКШдагы кыргызстандыктар чек ара жаңжалынан жабыркаган баткендиктерге 18 миллион сомдон ашуун акчалай жардам көрсөттү. Бул чет жактагы диаспоралар чогулткан эң ири каражат. Америкадагы кыргызстандыктардын колдоосу, алардын мекенине кошкон салымы тууралуу диаспора жетекчилеринин бири Бакай Оморов "Азаттыкка" маек курду.

- Бакай мырза, Баткендеги жабыркандарга диаспоранын атынан 18 миллион сомдой колдоо көрсөттүңөр. Бул акча кандай негизде бөлүштүрүлдү?

АКШдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Бакай Оморов.
АКШдагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Бакай Оморов.

- Каражатты АКШдагы жалпы кыргызстандыктар чогултушту. Буга чейин Нью-Йорк, Филадельфия, Огайо, Иллинойс штаттары айтылып жатты, бирок башка штаттардан да кошулгандар болду. 18 миллион сом - бул бир эле делегация алып келген каражат. Мындан башка дагы америкалык журтташтар ири суммадагы акчалай жардам көрсөтүп жатты. Мисалы, 10-15 миңдей долларды өз алдынча жөнөткөнүн билебиз. Буга чейин ар кандай «бала бакча, мектеп, оорукана куруп бербейсиңерби» деген сунуштар айтылды. Бир айылга бир имарат куруп берсек, экинчи айыл калат дегендей. Ошондуктан чогултулган каражатты акчалай таратуу чечимин Америкадагы мекендештерибиз жалпы кабыл алышты. Биз келердин алдында көз карандысыз комиссия иштеп чыгып, жабыркагандарды үч топко бөлүп, ошого жараша акчаны таратып бердик. Жакындарын жоготкондорго 165 миң сомдон, жараат алгандарга 100 миң сомдон жана үй-жайлары өрттөлгөндөргө 30 миң сомдон бөлүндү.

- "Көз карандысыз комиссия баарын караштырып чыкты" дебедиңизби, ал эмне болгон комиссия?

- Кошмо Штаттардагы кыргыз диаспорасы менен кызматташып жүргөн «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү менен биргеликте жабыркагандарды үймө-үй кыдырып, муктаждардын тизмесин түзүп чыкты.

Үйдү жалгыз камсыздап келген маркумдардын үй-бүлөлөрүнө көбүрөөк каражат бөлүндү. Ошону менен катар оор жараат алгандарга да бир аз болсо да акча бергенге аракет кылдык. Биз ошол такталган тизме менен эле баарын бир-эки күндө эле таратып бүтөбүз деп ойлогонбуз. Бирок оңой болгон жок. Отуздан ашуун айылды кыдырдык.

- Ошол отуздан ашуун айылды кыдырып, жабыркагандар менен баарлашып, жеринен баарын көрүп келген адам катары айтсаңыз, азыр кырдаал кандай? Жергиликтүүлөр эмне деп жатышат?

- Мен чындыгында мындай деп элестеткен эмесмин. Кырдаал чындыгында биз ойлогондон дагы оор экен. Турак жайлардын баары кадимки согуштагыдай эле өрттөнгөн, талкаланган. Ондогон бала бир жерден курман болгон жерди көрүү, алардын жакындары менен жолугушуу абдан кыйын болду. Баткендиктердин чыдамкайлыгына, сабырдуулугуна ыраазы болуп, баа бердим. Азыр да өрттөнгөн үйлөрдүн жанында чатырда жашап жатат. «Биз бул жерден кетпешибиз керек, чек араны кайтарышыбыз керек» деп тескерисинче кайраттуу болуп турушат.

- Алар дагы кандай жардамга муктаж экен? Силерге айтыштыбы?

- Тилекке каршы, бийлик менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда байланыш жок экенин сездик. Бишкектеги бийлик айтып жаткан сөздөр баткендиктерге жетпейт экен, тескерисинче жергиликтүүлөрдүн арыз-муңу жогору жактагыларга жетпейт окшойт. Мисалы, азыр бийлик документтерин калыбына келтиребиз, турак жайларын тургузуп беребиз деп жатпайбы. Жергиликтүү тургундардын ал тууралуу кабары жок, курулуш баштаган компаниялар деле көрүнбөйт.

Президент Садыр Жапаров Баткенге барганда, биз да ошол жакта жардам таратып жүрдүк эле. Мамлекет башчыга "Тез жардамдын", өрт өчүрүүчүлөрдүн машинелерин коюп, баарын жашырып-жаап көрсөтүп, илгерки эле адаттарын кайталап жатышат. Биз ошол эле айылдарды андан бир аз мурда кыдырганда такыр башка көрүнүш болчу. Ошондой эле, жабыркагандардын тизмесине кошулбай калгандар бар экен.

Мисалы, үйлөрү өрттөнүп кеткендерге турак жай куруп берүүнү убада кылышыптыр. Жакшынакай кылып чатырчаларды тигип коюшуптур, ал желим чатырчалар экен. Күндүз ичиндеги ысыктан адам кире албайт. Кечкисин сууктан уктаганга болбой турганын айтышты. Эми азыр үй курганда деле ал жактын климатын эске алып, кирпичтен эле жакшынакай үйлөрдү салып бериш керек.

- Бакай мырза, чек ара жаңжалында жабыркагандар бүлүнгөн жашоосун мындан ары улантып кетүү үчүн балким кандайдыр бир долбоорлор керек. Бул тууралуу ойлондуңарбы?

- Албетте. Баткен эми негизинен мөмө-жемиштери менен таанымал эмеспи. Ошол жакка чет элдик инвесторлорду тартып, чакан логистикалык борборлорду, ошол эле өрүктү экспорттко даярдап, атайын баштыкчаларга салган ишканаларды куруу керек деп ойлойм. Анткени Баткендин өрүгү азыр керек болсо АКШга чейин келип жатат. Бирок көп учурда санитардык эрежелер талапка туура келбей калат. Өрүктү абдан тазалап, туура баштыкчаларга салып, баардык эрежелер аткарылса абдан жакшы болот эле. Ал үчүн албетте инвестиция керек.

Азыр эми Баткенге өзгөчө макам берилет деп жатат, ошонун алкагында эле аймактагы чакан ишкерлерди салыктан бошотуш керек. Логистикалык борборлор ачылса, жумуш орундары да пайда болмок. Негизи Баткен боюнча жалпы бир чоң программа керек. Аймактагы өнүктүрүү боюнча өкмөттүн беш-он жылдык программасы болсо, жергиликтүүлөргө багыт берсе баткендик жаштар деле баарын өзүлөрү колго алууга дилгир экен. Айыл өкмөтүндө иштегендер деле мурдагы көз караштагылар экен, жаңыча ойлонууну каалашпайт. Ошол жактагы эки эл деле бири-бири менен урушпай тынч жашаганга кызыкдар экени сезилип турат.

Маектин аудиосун бул жерден уксаңыз болот:

- Буга чейин АКШда IT компанияларын ачкан кыргызстандыктар Баткендеги балдарды бекер окутушат деген да сөздөр болду эле. Бул тууралуу маалыматыңыз барбы?

- Бул боюнча так маалыматым жок. Акыркы жылдары IT компаниясы бар балдар Кыргызстанда да өз бөлүмдөрүн ачып иштетип жатат. Алар буга чейин деле алыскы аймактагылардын балдарын кыргыз тилинде бекер окутуп башташкан. АКШда алдыңкы IT компанияларда иштегендердин көбү Кадамжайдагы лицейдин бүтүрүүчүлөрү. Мен ишенем алар сөзсүз бул долбоорду ишке ашырышат.

Негизи Америкадагы кыргызстандыктар карантин учурунда дагы Кыргызстанга аябай жардам беришти. Былтыр Кыргызстанда карантин маалында, андан кийин коронавирус күчөп турган жай айларында дагы Америкадагы кыргызстандыктар жалпы 50 миллиондой сом жөнөттүк окшойт. Адатта бул жакта жалпы диаспора өзүнчө бир чогултат, анан өз алдынча топ-топ болуп жөнөткөндөр да бар. Диаспоранын атынан Кошмо Штаттарында иштеп, окуп жүргөн ар бир кыргызстандыкка ыраазычылык билдирем.

- Буга чейин чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештербиздин Кыргызстанга кошкон салымы биздин экспорт жана түз инвестициялардан да жогору экени айтылган эле. Ушул чет жактан келген каражатты жөн эле туугандарга жиберип, же той өткөрүү менен эле чектелбестен андан ары иштетип, Кыргызстанга көбүрөөк пайда кылса болобу?

- Болот, бул бир аз убакыт талап кылды. Статистика боюнча 2008-жылдан баштап мигранттардан түшкөн каражат мына 20 миллиард долларга жакындаптыр. Ал эми чет өлкөлүк инвесторлордон 7-8 миллиард түшүптүр. Каражатты кайра иштетүү керек деген түшүнүктүн пайда болгонуна аз эле болду. Учурда Америкадагы кыргызстандыктар билим берүү тармагына инвестиция кылып жатышат. Туризмге, курулуш тармагына акча салып жатат. Бирок өкмөт бизге бул багытта так маалымат бербей келишти.

Быйыл түзүлгөн Инвестициялар министрлиги менен жакында меморандумга кол койдук. Эми алар Америкадагы кыргызстандык ишкерлерге кайсы тармакка салым кошуу туралуу сунуштарын бере алат. Мисалы, азыр энергетика, тоо кен, туризм тармагын сунуштап жатышат. Мурда курулуш анан жер иштетүүгө гана салым кошуп келишчү. Азыр эми караштырып жатабыз. Пандемия дагы көп көз караштарыбызды өзгөрттү. Өлкөбүздө саясий туруктуулук болсо жакынкы жылдары ирденип калган кыргызстандыктар кайтып келип, акчасын өлкөнүн өнүгүшүнө салууга кызыкдар.

- Мындан дээрлик он жыл мурун "Азаттык" Америкага барып ал жактагы кыргыздар тууралуу алгачкы берүүсүн тартканда, сиз жаңыдан үй чатырлаган чакан ишкана ачкан кезиңиз эле. Азыр эми 30 миңдей кыргызстандыктын башын бириктирген чоң диаспораны жетектейсиз. Ошол кездеги кыялдарыңар орундалдыбы?

- Орундалды. Себеби, биз ал кезде кыргызстандыктардын диаспорасын түптөп алсак деп кыялданчубуз. Эми ошол диаспора түптөлүп, АКШдагы кыргыздардын башын гана бириктирбестен, Кыргызстанга айтылган-айтылбаган салымдарын кошуп жатат. Биз мурда он жылдап жеткен ийгиликке азыр келгендер тез эле жетип жатышат. Мурда диаспоранын өкүлдөрү бирөөгө жумуш таап бериш керек, башкасын тосуп алыш керек дегендей жалаң көйгөйлөрдү чечүү менен алек болчубуз. Азыр анын баары жолго коюлган. Ар бир штатта бул үчүн жооп берген адамдарыбыз бар. Азыр кыргызстандыктар өз компанияларын ачып, жакшы кызматтарда иштеп жатат. Эми буюрса бир нече жылдан кийин америкалыктардын катарына кирип, шайлоого катышып дегендей, Кыргызстандын ал жактагы сыймыгы болуп калышат.

- Рахмат, маегиңизге.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG