Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

АКШдагы кыргыздар Айтматовду эскеришти


Филадельфиядагы кыргыздар коомунун лидери Эрбол Жантаев кыздары менен.
Филадельфиядагы кыргыздар коомунун лидери Эрбол Жантаев кыздары менен.

АКШнын Пенсилвания штатындагы кыргызстандыктар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган спорттук таймаштарды уюштурушту. Ага АКШнын ар кайсы штаттарында окуп, иштеп жүргөн 400дөй кыргыз жарандары чогулушту.

"Азаттык": Эрбол мырза, Филаделфия шаарында жакында эле Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган чоң иш-чара өткөн экен. Ошол тууралуу кеңири кеп кылсаңыз.

Эрбол Жантаев: АКШдагы кыргыздардын башын бириктирип, ынтымагын арттыруу максатында жыл сайын ар кайсы штаттардагы кыргыздар кезектешип спорттук иш-чараларды уюштуруп турууну көптөн бери салтка айлантып алганбыз. Быйыл Пенсилвания штатына кезек келген. Биз бул иш-чараны улуу жазуучубуз Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгына арноону туура көрдүк.

Быйылкы таймаштар абдан кеңири масштабда өттү десем жаңылбайм. Анткени мурдагы жылдары өткөндөргө 4-5 эле штаттан келген кыргыздар катышса, быйыл сегиз штаттын оюнчулары катышты. Футбол, волейбол, теннис деген оюндардан тышкары биз быйыл улуттук оюндардан ордону коштук. Балдар үчүн өзүнчө оюндар уюштурулду. Жалпысынан 400дөй киши келди. Бирок негизги басым футболго жасалды. Бул жолу биринчи орунду филаделфиялыктар утушту, экинчи орунду Огайо командасы жеңди, үчүнчү орунга чикаголук оюнчулар татыктуу болушту.

Жалпысынан футболго 12 команда катышты. Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси Кадыр Токтогулов, консулдуктун өкүлдөрү келишти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев келип, алыста жүргөн мекендештердин жарпын жазып, ырларын тартуулады. Чыңгыз Айтматовдун жээни, карындашы Роза Айтматованын уулу Урмат Алымкулов да жыйырма жылдан бери АКШда турат, ал да уюштуруу иштерине чоң салым кошту.

Залкар жазуучунун 90 жылдыгынын урматына анын сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды атайын буюртма менен тиктирип тараттык. Огайодон келген Айнура Айтубарова деген эжебиз атайын баяндамасын даярдап келип, окуду. Айтор, колубуздан келишинче өткөрдүк.

Огайо командасы футбол боюнча экинчи орун алды.
Огайо командасы футбол боюнча экинчи орун алды.

"Азаттык": Пенсилвания штатында болжол менен канча кыргызстандык бар? Алар негизинен эмне менен алектенишет?

Эрбол Жантаев: Расмий эмес маалымат боюнча болжол менен 400-500дөй бар го дейм. Алардын 200дөйү жамандык-жакшылыктарда такай аралашып жүрүшөт. Кээ бирлери катышкысы келбейт, кыргыздардан обочолонуп жүрүшөт.

Окуган-иштеген жаштар көп. Пенсилваниядагы кыргыздар чоң жүк ташуучу унаа айдашат, курулуш иштери менен алектенишет, ар кандай тейлөө кызматтарында иштешет. Кийин келгендерге бир аз оңой болду. Мен, маселен, биринчилерден болуп келген кыргыздарданмын. Бизге моралдык, физикалык жана каржылык жактан да абдан оор болгон. Азыркыларга кеп-кеңеш берчү, туура багытты көрсөтчү биз барбыз. Аралашып кетүү салыштырмалуу бир аз жеңил десем болот. Тил үйрөнүп, жогорку окуу жайларында окуган балдар-кыздарыбыз көбөйүп жатканы кубандырат.

Иш-чарага 400дөн ашуун кыргызстандык чогулду.
Иш-чарага 400дөн ашуун кыргызстандык чогулду.

"Азаттык": Ушундай кыргызстандыктар чогулуп калганда кандай маселелерди көтөрөсүңөр? Маселен, бул жолу эмнени талкууладыңар?

Эрбол Жантаев: Албетте, мындай жыйындардын башкы максаты - кыргыздардын башын бириктирүү. Ынтымак болмоюн, эч нерсе болбойт. Жаңы келгендер менен таанышабыз. Көргөн, уккан, билгендерибизди бири-бирибизге айтып маалымат алмашабыз. Дональд Трамп бийликке келгени миграция маселеси катаалдашты. Ошол маселени талкуулайбыз. Жарандык алууга документ тапшыргандар өз тажрыйбаларынан бөлүшөт. Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин өкүлдөрү келип, атайын бөлмө ачып мекендештердин документ иштерин бүтүрүп кетишти. Элчиликтегилер ар дайым абалыбызды сурап турушат.

Футболго жалпысынан 12 команда катышты.
Футболго жалпысынан 12 команда катышты.

"Азаттык": Негизи айрымдар "чет жакта айлык акы жакшы, баары сонун" десе, башкалары тескерисинче оор экенин айтышып, реалдуу жашоо тап-такыр башкача экенин айтышат. Сиздин бул боюнча оюңуз кандай?

Эрбол Жантаев: Реалдуу жашоо жеңил эмес. Бирок Америкадагылар үчүн иштин көлөмү жана ал үчүн алган айлык акы түзүк эле деп ойлойм. Канча иштесең, ошончо аласың. Тынбай иштешиң керек. Бирок Кыргызстанда мындай эч ким иштебейт. Бизде “иштөө маданияты” деле жок сыяктуу. Айылдарда деле мурдагыдай талаадан чыкпай иштегендерди азыр барганда көрбөйсүң. Бул жакта ошентип эч нерсе кылбай койсоң көчөдө каласың.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG