Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Казак активисттери АКШ элчилигинин алдына чыгышты


Нур-Султан. АКШ элчилигинин алдына чыккан активисттер саясий туткундарды бошотууну талап кылышты.
Нур-Султан. АКШ элчилигинин алдына чыккан активисттер саясий туткундарды бошотууну талап кылышты.

АКШнын Казакстандагы элчилигинин алдына 14-июнда чыккан жарандык активисттердин тобу «экстремисттик уюмдун ишмердигине катышы бар» деген негизде Кылмыш кодексинин 405-беренеси менен куугунтуккка алынгандарды коргоого үндөдү.

Бул саясий акция Казакстанга жумушчу сапар менен келген америкалык дипломат Залмай Халилзад Акордодо жолугушуу өткөргөн учурга туура келди.

Бул саясий акцияга прокурор "Демократиялык тандоо" жана "Көчө партиясы" саясий партияларынын ишмердигине аралашканы үчүн айыпталган Аскар Каирбекти бир жарым жылга эркинен ажыратууну сураганы себеп болду.

Баш калаадагы жана Алматыдагы ондогон жарандык активисттер аталган саясий кыймылдарга мүчө болгону үчүн айыпталып, иштери тергөөдө же сотто каралып жатканы белгиленди.

Казак бийлиги оппозициялык маанайдагы "Демократиялык тандоо" жана "Көчө партиясы" саясий партияларын экстремисттик уюм катары таанып, алардын ишмердигине тыюу салган. Бирок Европарламенттин резолюциясында аталган эки саясий партиянын экөө тең "тынч оппозициялык бирикмелер" деп таанылган.

Нур-Султандагы АКШ элчилигинин астына чыккан жарандык активисттер "адам укугу канча турат", "куугунтуктоону токтоткула" деген сыяктуу ураандарды көтөрүп турушту.

Акимчиликтин өкүлү катары өзүн тааныштырган кызматкер акциянын катышуучуларына келип, бул жыйналыш мыйзамсыз экенин айтып, тез арада тарап кетүүнү талап кылды. Бирок активисттер аны укпай, "эркиндик", "саясий туткундарды бошоткула" деп кыйкырышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG