Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Эл баатыры Кондучалова жашаган үйгө эстелик тактасы орнотулду


Эстелик тактасынын ачылышына экс-президент Роза Отунбаева катышты.
Эстелик тактасынын ачылышына экс-президент Роза Отунбаева катышты.

Бишкекте Эл баатыры, мурдагы тышкы иштер министри, мурдагы маданият министри Күлүйпа Кондучалова жашаган үйгө орнотулган мемориалдык тактанын ачылышы өттү.

Бүгүн 15-июнда өткөн иш-чарага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, мурдагы премьер-министри Апас Жумагулов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер, маркумдун жакындары катышты.

Эстелик тактасы Эркиндик бульварында, Кондучалова өзү жашап өткөн үйдүн дубалына илинди.

Быйыл февраль айында Бишкекте Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйында сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров Кондучалова маданият тармагын жетектеген мезгилде кыргыз маданиятынын алтын доору башталганын айткан.

Кыргыз эл баатыры, республиканын маданиятына эмгек сиңирген мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалова 1920-жылы 15-июнда туулган, 2013-жылы 7-сентябрда 93 жаш курагында көз жумган. Ал 1958-жылдан тартып 22 жыл бою Кыргызстандын Маданият министрлигин жетектеген. 1953-1963-жылдары тышкы иштер министри болгон.

Маркумду эскерүү иш-чаралары былтыр июнь айында да өткөн. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG