Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

Ысык-Көл: эки "йакын инкарчы” диний ишениминен баш тартты


“Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынан чыккан адамдар.
“Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынан чыккан адамдар.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 49 жана 46 жаштагы эки тургуну “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын катарынан чыкты.

Ички иштер министрлиги (ИИм) алар мындай кадамга түшүндүрүү иштеринин негизинде өз эрки менен барганын билдирди. Ага ылайык, бул жарандар 2013-жылы агым тууралуу түшүнүктөрү жок эле “Йакын инкардын” катарына кошулганын айтышкан.

“Йакын инкар” диний агымы - "Таблиги жамаат" уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деп эсептешет. Бул диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Буга чейин бул топко мүчө болгондор балдарынын мектепке барышына, алардын телевизор көрүшүнө тыюу салган окуялар катталган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG