Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

"Pew Research Center": Батышта Путинге ишеним аз


Орусиянын президенти Владимир Путин. Сербия, 2014-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. Сербия, 2014-жыл.

Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө эл аралык деңгээлдеги лидер катары Орусиянын президенти Владимир Путинге болгон ишенимдин деңгээли былтыркыга караганда бир топ түшүп калган.

"Pew Research Center" америкалык компаниясынын 17 өлкөдө жүргөн социологиялык сурамжылоосуна ылайык, ага катышкан жалпы калктын 22 пайызы гана "Орусиянын президенти эл аралык мамилелерде туура чечим кабыл алат" деп эсептейт.

Сурамжылоого алынгандардын арасынан Владимир Путинге эң эле шектүү көз менен карагандар Швецияда көп катталган. Сурамжылоого алынгандардын болгону 14 гана пайызы ага лидер катары ишене турганын айткан.

АКШда болсо респонденттердин 16 пайызы ага ишеним билдирсе, Грекия менен Сингапурда сурамжылоого алынгандардын жарымынан көбү же 55 пайызы Путинди лидер катары тааный турганын белгилешкен.

Батыштын алдыңкы өлкөлөрүнүн лидерлерине болгон ишеним рейтинги бир топ жогору экени байкалган. Сурамжылоого катышкандардын 76 пайызы Германиянын канцлери Ангела Меркелге жогорку ишеним көргөзгөн. АКШ президенти Жо Байденге 74, Франциянын президенти Эммануэль Макронго 61, Кытайдын башчысы Си Цзиньпинге болсо респонденттердин 20 пайызы эл аралык лидер катары ишене турганын айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG