Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:08

"Казакстан электрди бекер бербейт"


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Кыргызстан 2023-жылга чейин Казакстанга 300 млн. кВт саат электр энергиясын жана жайында 330 миллион кубометр сууну агызып турушу керек. Энергетика жаатындагы эксперттер суунун азайышынан улам Токтогул ГЭСи иштебей токтоп калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Нарындын суусу азайып, булактар какшып калганына карабай Кыргызстан Казакстанга күргүштөтүп суу бере баштаганын "Вечерний Бишкек" гезити жазды.

Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Магзум Мирзагалиев быйыл Кыргызстан менен Тажикстан Казакстанга кошумча 645 миллион кубометр суу беришерин шардана кылды. Ошону менен Казакстандын түштүк жагындагы аймактарына суу тартыштыгы кыйла жоюлуп, Түркстан облусунун 440 миң гектар эгин талааларына суу жеткирүү маселеси чечилмекчи. Быйыл Казакстан мамлекет башчыларынын макулдашуусуна ылайык Кыргызстанга 900 миллион киловатт-саат электр энергиясын берген. Алдыдагы үч жылда жайкысын Кыргызстан Казакстанга 300 миллион киловатт-саат электр энергиясын, ага кошумча 2023-жылга чейин үч ай бою кошумча 330 миллион кубометр сууну агызып турушу керек. Кошумча суу берүү 2021-жылдын 1-июнунан тарта башталган.

Басылманын ырасташынча, мунун баары жардынын акыркы тыйынын тартып алууну элестетет. Энергетика жаатындагы эксперттер суунун азайышынан Кыргызстан энергетикасынын жарымын өндүргөн Токтогул ГЭСи иштебей токтоп калышы мүмкүн экенин эскертүүдө. "Электр станциялары" акционердик коомунун 11-июнга карата маалыматына караганда, ушу тапта Токтогул суу сактагычында 10,6 миллиард кубометр суу турат. Электр станцияларынын туруктуу иштеши үчүн суу сактагычта 17 миллиард суу болушу керек.

Быйыл суунун аздыгынан Кыргызстан энергетикалык тартыштыкка капталганда Казакстан 1 киловатт-саат электр энергиясына 2,9 цент сураган. Кыргызстан ал бааны кымбат деп эсептеп, 2020-жылкы 2,4 центке түшүргөн. Суу ошол кымбат баа электр энергия үчүн бекер эле берилет, деп жазат гезит автору. Июнь айында 77 миллион кубометр сууну агызуунун залакасы анчалык билинбейт. А бирок жайдын аягында ал кадимкидей сезилиши ыктымал.

"Албетте, коңшуларга жардам кылуу керек. Бир маселе, непадам күзгү-кышкы учурда суунун аздыгынан Токтогул ГЭСи токтоп калса биз азыр бекер эле агызып жаткандай Казакстан электрэнергиясын бекерге бербейт. Электрдин баасы кымбатташы мүмкүн. Кымбат электр баасына Кыргызстан буга чейин эле макул болуп кол койгон. Кантсе да жакшылыктан үмүт үзбөй, бирок да отун-сууну кенен камдап, болуп калса тезекти деле чогултуп коёлу", - деп жазат гезит автору.

Басылмада Анвар Ажиевдин өкмөттүн жаңы мүчөсү болуп дайындалган Акылбек Жапаровдун ишмердигине арналган макалага да орун берилген.

"Быйыл майдын аягында Кыргызстандын Улуттук банкы коммерциялык банктарга берчү карыз акчасынын үстөк пайызы 6,5% ашпай турганын ырастады. Өткөн жылы экономика кыйын абалга капталганда үстөк пайыз 4,25 – 5% чейин түшүп, кийин аз-аздан көтөрүлгөн. Улуттук банктын эсебинде экономика аз-аздан жанданууда. Иш жүзүндө андай тенденция байкала элек, тек статистикалык көрсөткүчтөр ортосундагы айырма жандануу катары сыпатталууда.

Каржы министрлигинин маалымдашынча, Кыргызстандын тышкы карызы 5 миллиард долларга жетейин деп калды. Өткөн жылы тышкы карыз 343 миллион долларга көбөйгөн. Быйыл беш ай ичинде тышкы карызды төлөөгө 13,1 миллиард сом сарпталды, эмдиги жылы бул максатка 37,2 миллиард сом бөлүнмөкчү. Сырткы карыздын 41,8% Кытайга берилчү каражат.

2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 172,8 миллиард сом, чыгаша 181,3 миллиард сом деп белгиленген. Жетишпестик өткөн жылы 30 миллиардга жакын сомду түзгөн. Ортодогу таңкыстык сырткы жардамдын эсебинен толтурулган. Быйыл жагдай бир аз башкача, тышкы карыз ички дүң өнүмдүн 60% ашуунун түзүп калды. Мындайда өкмөт кризистен чыгуунун жолун издейт. 56 жаштагы Акылбек Жапаровдун экономика жана каржы министрлигине экинчи ирет дайындалышы ушундай божомол курууга негиз берет.

Акылбек Жапаров жумушчу орундарын көбөйтүп, экономиканы жандандыруу, анан бюджетти эмдиги жылы эки ирет көбөйүшүнө жеткирүү ниетин билдирүүдө. Кыргызстан экономикасынын оор абалдан чыгышына "Кумтөр" алтын кенинин салымы зор болмокчу, албетте, эл аралык арбитражда кыргыз өкмөтү Centerra компаниясынын экологиялык оор зыянын далилдей алса. Эгер өкмөт алтын кен боюнча позициясын коргой албаса, Акылбек Жапаровду экономиканы кризистен алып чыгууга дагы бир мүмкүнчүлүгү калат, ал айтылуу ХИПИК программасына кирүү", - деп белгилейт макала автору.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG