Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:57

COVID-19: Кыргызстанда оорунун жайылышы күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 15-июндагы брифингде билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны апрель айынан тартып көбөйө баштады.

“Акыркы жети күндүн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү же жугуштуулугу 1,3% түздү”, - деди Рахматулаев.

Ушул күндөрү оору көп катталган Бишкек шаары, Чүй, Ош облустары “кызыл зонада” турат.

Кыргызстанда 15-июнга карата расмий маалымат боюнча өткөн жылдын март айынан бери оорудан 1 905 киши каза болуп, вирус 111 343 адамдан аныкталды. 103 257 киши илдеттен сакайып чыкты.

Акыркы суткада бул илдеттен алты адам каза болду. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 514 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (234) жана Ош шаарында (110) катталды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG