Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Кыргыз футболу кылым карытты

Мындан туптуура 100 жыл мурун Пишпек (азыркы Бишкек) шаардык командасы менен Верныйдын (азыркы Алматы) футболчулары жолдоштук беттеш өткөргөн. Анда 3: 1 эсеби менен Верный шаарынын курама командасы уткан.

Адистер ушул беттеш кыргыз футболунун тарыхынын башталышы деп эсептешет. Андан 13 жыл өткөн соң, тагыраагы 1934-жылы Кыргыз ССРнин футбол боюнча чемпионаты негизделген. Ошондон тартып өлкөдө байма-бай футболдук беттештер өтүп, Кыргыз ССРнин курама командасы чет өлкөлүк топтор менен беттештерди өткөрүп келген.

Кыргызстан эгемен болгондон кийин 1992-жылы Футбол федерациясы түзүлүп, 1994-жылы ал Эл аралык футбол федерациясына (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясына (АФК) мүчө болгон. 1992-жылдан тартып, азыркы күнгө чейин улуттук курама команда жалпы 126 расмий беттеш өткөрдү.

Кыргыз футболчуларынын каймана аты "Ак шумкар".

Бүгүн, 15-июнда ак шумкарлар 2022-жылы Катардагы Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Жапониянын курама командасы менен беттешет. Таймаш алдында кыргыз футболчуларынын тарыхий сүрөттөрүн назарыңыздарга сунуштайбыз.

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG