Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Байматовдун билдирүүсү кыргыз футболуна сынды күчөттү


Азамат Байматов өлкөнүн футбол союзун сындап, башкы машыктыруучу Александр Крестининдин кызматтан кетишин талап кылууда.
Азамат Байматов өлкөнүн футбол союзун сындап, башкы машыктыруучу Александр Крестининдин кызматтан кетишин талап кылууда.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы капитаны Азамат Байматов өлкөнүн футбол союзун сындап, башкы машыктыруучу Александр Крестининдин кызматтан кетишин талап кылууда. Кыргызстанда буга чейин оюнчунун футбол жетекчилигине ачык каршы чыккан учуру болгон эмес.

Жаңыланган рейтинг, Жапониядан жаза баскан команда

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) август айында жаңыланган рейтингинде бир нече позиция ылдый түшүп, 101-орунду ээлеп турат.

Команда 2017-жылдан бери дүйнөнүн алгачкы 100 командасынын катарынан чыга элек болчу. 2018-жылы болсо курама команда Азия Кубогуна жолдомо алып, ФИФАнын рейтингинде 75-орунга көтөрүлгөн. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы рекорддук көрсөткүч болуп калды.

ФИФА жарыялаган курама командалардын рейтинги.
ФИФА жарыялаган курама командалардын рейтинги.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы соңку жолу июнь айында 2022-жылы Катарда өтчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайдагы Азия чемпионатына тандоо оюндарына катышты. Ага чейин курама команда бир жарым жылдан бери оюн талаасына чыга элек болчу. Бирок оюндардын жыйынтыгы ойлогондой болгон эмес.

Кыргызстандын футбол союзунун басма сөз кызматы Адилет Керимбек уулу рейтингдеги абалды мындай түшүндүрдү:

“ФИФА ай сайын курама командалардын рейтингин жарыялап турат. Август айында июлдун жыйынтыгы чыкты. Биздин ылдыйлап кетишибизге Жапониядагы үч беттештин жыйынтыгы негизги себеп. Анда Кыргызстан Жапонияга (1:5), Монголияга (0:1) утулуп, Мьянманы (8:1) жеңип алган. ФИФАнын рейтингине аябай кабатыр болуштун кереги жок. Эми сентябрдагы беттештерди жакшы ойносок кайра көтөрүлөбүз”.

Рейтингди төмөндөткөн Жапония менен беттешке команданын коргоочусу Валерий Кичин, жарым коргоочу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков жана Эржан Токатаев чыккан эмес. Анткени алардын вирус жуктуруп алган адам менен байланышта болгону айтылган.

Ушундай эле жүйө менен Монголия жана Мьянма менен болгон беттеште кыргызстандык үч дарбазачы тең оюнга катышпай, дарбазаны коргоочу тоскон. Беттештердин алдында башкы машыктыруучу Александар Крестинин коронавируска байланыштуу кырдаалды ачыкка чыгаруусун өтүнгөн журналисттин суроосуна:

Александр Крестинин
Александр Крестинин

"Бардыгыбыз тапшырган тесттин жыйынтыгы таза болчу. Бирок беш кишини оюнга катыштырышкан жок. Аны силердин уюштуруучулар түшүндүрүп, сырын ачып беришсин. Мен кайдан билем? Бардыгынын тең тести терс чыкты. Бирок оюнга чейин үч дарбазачыны жана эки футболчуну четтетишти. Бул кандай?",- деген собол менен жооп берген.

Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун F тайпасында Кыргызстандан тышкары Жапония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма болгон. Япония Азия чөлкөмүндөгү күчтүү команда болгону менен, Тажикстан менен Монголиянын курамы анча күчтүү эмес. ФИФАнын августтагы жаңыланган рейтингинде Тажикстан 116, Монголия болсо 185-орунда турат. Жыйынтыгында 24 упай менен Жапония биринчи, 13 упай топтогон Тажикстан экинчи болгон. Бирок кошуна мамлекеттин футболчулары марага экинчи болуп келген командалардын мыктысы болбой, тандоо турунун жыйынтыктоочу 3-раундуна өтө алган эмес. 3-раундга чыккан 12 команда Дүйнө чемпионатына катышуу укугун берген төрт жолдомону талашат.

Футбол күйөрманы Максат Кудайбердиев кыргыз командасынын Жапониядан жыдып калышына футбол жетекчилеринин шалаакылыгы себеп болгон деп эсептейт:

Максат Кудайбердиев
Максат Кудайбердиев

“Жапонияда курама команда мышык ыйлай турган абалда калды. Анткени команда машыга албай, дарбазаны коргоочу тосуп калды. Акыры Кыргызстан мурда утуп жүргөн Монголия, Тажикстанга утулуп калды. Бул окуя Кыргызстандын футбол союзунун эл аралык аренадагы дараметин, деңгээлин көрсөтүп турат. Анткени Бишкектени тесттер толугу менен таза чыккан айтылган. Бул жерде сөзсүз түрдө шек жараткан жагдайлар бар. Футбол союзу ошол нерселердин алдын алган жок, тең ата сүйлөшө албай койду. Негизи эле соңку эки-үч жылдан бери Кыргызстандын футбол союзу ФИФА, АФКнын тилин таба албай жүргөндөй. Тышкы саясаты жакшы эмес”.

Кыргызстандын футбол союзунун президентин бирикменин 15 кишиден турган аткаруучу комитети шайлайт. Аны ишкер Аскар Салымбеков жетектейт. 15 кишинин арасынан мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуевди, "Ихлас" курулуш компаниясынын кожоюну, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун агасы Нурбек Осмоновду, "Коррупция" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, казынага 260 миң сом айып төлөгөн Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиевди көрүүгө болот.

Кыргызстандын футбол союзунун президенти Канатбек Маматов.
Кыргызстандын футбол союзунун президенти Канатбек Маматов.

Кыргызстандын футбол союзун азыркы учурда Канатбек Маматов жетектеп жатат. Ал бул кызматка 2019-жылы шайланган. Маматов жыйынтыгы жокко чыгарылган 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан. Ал партиянынын артында бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов тураары айтылып келет.

Сынга кабылган Крестинин, капитандын капачылыгы

Эми Азамат Байматовдун билдирүүсүнө кенен токтололу. Кыргызстан курама командасында 2010-жылдан бери ойноп, бир нече жыл капитан болгон Азамат Байматов өлкөнүн футбол союзун сындап, башкы машыктыруучу Александр Крестининдин кызматтан кетишин айтып чыкты. Мурда-кийин команданы баштаган футболчунун ачык сындаган учуру болгон эмес. Анын айткандары футбол сүйүүчүлөрү арасында кызуу талкуу жаратты. Азыркы учурда Индонезияда ойноп жүргөн Азамат Байматов “Азаттыкка” мындай деди:

Азамат Байматов
Азамат Байматов

“2010-жылдан бери курама командада ойноп келе жатам. Бул аралыкта бир нече машыктыруучу, федерациянын президентти алмашты. Ондогон оюнчулар келип-кетти. Бирок футбол өз ордунда турат. Болбосо он жылда футболу өнүккөн өлкөгө айлансак болот эле го. Бул аралыкта кошуналарда заманбап стадиондор курулуп, ички чемпионаттары күчтөндү. Кыргызстандын футбол союзу биз үчүн ата-энедей эле. Эмнеге алар коңшуларды көрүп ойлонбойт, өнүгүүгө аракет кылбайт? Жок дегенде Бишкекте жаңы стадион курулуп, Ош сыяктуу шаарлардагы стадиондор жаңыланса болмок. Азыркыга чейин курама команданын базасы, кыз-келиндер футболу жок. Аймактардагы футбол да жок болуп баратат. Соңку 10 жылда Дүйнө чемпионатынына жолдомо талашкан Азиядагы 12 команданын катарына киргенге мүмкүнчүлүк бар болчу. Ошону колдон чыгарып жибердик”.

Азамат Байматов Дүйнө чемпионатына тандоо турунун үчүнчү раунду жөнүндө айтып жатат. Анда Азиядагы 12 команда эки тайпага бөлүнүп, мундиалга жол ачкан төрт жолдомону талашат. 2018-жылы Орусияда өткөн чемпионатка Азиядан Түштүк Корея, Иран, Япония жана Сауд Арабия катышкан.

2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун 3-раундуна өткөн Азиянын 12 курама командасы.
2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун 3-раундуна өткөн Азиянын 12 курама командасы.

Байматов башкы машыктыруучу Александр Крестининдин дагы ысымын атады.

“Александр Крестинин Азия Кубогунан кийин курама командадан, “Дордойдон” да жыйынтык көрсөтө алган жок. Статистиканы деле карасаңыз болот. Демек, Кыргызстандын футбол федерациясы өзгөрүүгө барыш керек болчу. Амбициясы күчтүү, Азияда мурда-кийин иштеп кеткен европалык адистер келсе жакшы болмок. Анткени Азия-2023кө жолдомо алып, 2026-жылы боло турган Дүйнө биринчилигине аракет кылыш керек. Крестининдин курама команда менен болгон келишими 2023-2024-жылы бүтөт. Узак мөөнөттөгү келишимге коюлган тапшырмаларды аткарбай турган болсо, анда кызматтан кетерин жазыш керек эле да. Ал жаңы келгенде жакшы иштеген. 2019-жылдан кийин мурдагыдай болбой калды”.

42 жаштагы Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча курамасын 2014-жылдан бери машыктырып келет. Ага чейин (2012-2014) "Нефтчи" футбол клубунун башында турган. Крестинин жана команда үчүн 2019-жыл аябай жемиштүү болгон. Анда курама команда Азия кубогунун 1/8 финалына чейин жетип, Бириккен Араб Эмирлигини менен болгон чуулгандуу беттеште утулуп калган.

Ошол эле жылы Кыргызстандын футбол союзу Александр Крестинин менен "4+1" системадагы жаңы келишимге кол койгон. Бул дегендик тараптар төрт жылдан кийин келишимди дагы бир жылга узартса болот дегенди түшүндүрөт.

Крестинин өзү Азамат Байматовдун айткандарына жооп бере элек. Ал эми Кыргызстандын футбол федерациясы жакын арада билдирүү болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Спорт баяндоочу Адилет Темирланов төмөндөгүдөй пикири менен бөлүштү:

Адилет Темирланов
Адилет Темирланов

“Азамат Байматовдун билдирүүсү курама команданын Катар-2022 тандоо турундагы начар оюндарынан кийинки учурга туш келип калды. Күйөрмандар азыркы учурда командага, машыктыруучуга көңүлү толбой турат. Байматов болсо алардын уккусу келген сөздөрдү айтып жатат. Ал кыргыз футболунун системасында жүргөн адам катары, анын оош-кыйышын жакшы билиш керек эле. Футболду сырттан билген адамга баары оңой көрүнө берет да. Анын айткандарында чындык да бар. Бирок футболдун өнүгүшү өлкөдөгү экономикалык жагдайга көз каранды. Себеби Кыргызстандын футбол федерациясы мамлекеттен бир сом албайт. Футбол абдан кымбат спорт. Анан андагы көйгөйлөргө бир-эки кишини күнөөлөш канчалык туура?”.

Кыргызстандын курама командасы Кыргызстандын курама командасы 2-сентябрда баштала турган жолдоштук турнир “Үч Улут Кубогуна” даярданып жатат. Мелдеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, ага Палестина, Бангладеш жана Кыргызстан катышат. Команда 2-сентябрда Палестина, 7-сентябрда болсо Бангладеш менен ойнойт. Андан кийин 2023-жылы кытайда өтө турган Азия Кубогунуна даярдык көрөт.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын күйөрмандары.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын күйөрмандары.

Кыйын абалдагы кыргыз чемпионаты

Азамат Байматов Кыргызстандын премьер-лигасын сынга алып, андагы сегиз команданын экөө санды көбөйтүш үчүн эле кошулуп алганын билдирүүдө. Анын пикиринде, ички чемпионатта атаандаштык жок болгондуктан мыкты оюнчулар өспөй жатат. Азыркы учурда Кыргызстандын премьер-лигасында сегиз команда ойнойт. Алар: “Алга”, “Дордой”, “Абдыш-Ата”, “Алай”, “Каганат”, “Нефтчи”, “Илбирс” жана “Кара-Балта”. Командалардын тизмедеги катары 27-августтагы турнирдик жадыбалга ылайык жазылды. Алардын жарымы мамлекеттик мекемелердин, калганы жеке ишкерлер, демөөрчүлөр тарабынан каржыланат.

Кыргызстандын премьер-лигасынын аткаруучу директору Михаил Толкачев Байматовдун сынына толук кошулбайт. Ал эми командалардын күчтөнө албай жатышын мындай түшүндүрдү:

Михаил Толкачев
Михаил Толкачев

“Негизи командалар үч жол менен киреше табат. Биринчи жолу билет, форма сатуу жана жарнама. Экинчиси болсо, футболду көрсөтүү укугунан түшкөн каражат. Мындан тышкары футболчулардын трансфери. Биздин тарыхта клуб курамындагы футболчуну акчага саткан бир дагы учур болгон эмес. Ошол эле Гүлжигит Алыкулов бекер кеткен. Азыркы учурда биздин чемпионат өнүгүү жолунда келе жатат. Балким, бир нече жылдын ичинде көрсөтүү укугу сатыла баштайт. Бир сөз менен айтканда Кыргызстандагы футбол клубдардын бири дагы киреше таппайт. Биздин чемпионатта атаандаштык жок деген да туура эмес. Азыркы турнирдик жадыбалды карап көргүлө”.

Кыргызстандын премьер-лигасы Азия футбол конфедерациясына мүчө болгон 47 чемпионаттын ичинен 31-орунда турат. Бул көрсөткүч жергиликтүү чемпионаттын жеңүүсүнө АФК Кубогуна (УЕФАнын Европа Лигасынын аналогу) түз катышуу мүмкүнчүлүгүн берет. Ал эми вице-чемпион аталган турнирге тандоо туру аркылуу катыша алат.

Кыргызстандын чемпионатынын рейтинги төмөн болгондуктан командалар азырынча Азиянын Чемпиондар Лигасына катыша албай жүрөт.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG