Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

"Алай" клубу жаңы жетекчиликке үмүт артат


"Алай" футбол клубунун оюнчулары
"Алай" футбол клубунун оюнчулары

"Алай" футбол клубу машыктыруучулар штабын толук жаңылап, команданын курамын да өзгөртүүдө. Бул футболдук клубдун жетекчилиги алмашкандан кийинки биринчи кадамдар.

Өткөн айдын соңунда "Алай" клубунун башкы машыктыруучусу алмашты. Футбол күйөрмандарынын көз карашында, команда азыр оор учурду башынан өткөрүүдө. Жаңы жетекчилик болсо командага чоң өзгөрүүлөрдү кирет деп ишендирүүдө.

"Жетекчилик алмашкандан бери көп нерселер жакшы жагына өзгөрдү. Азыр машыгуу кийимдери жаңыланды. Футболчулар сезимтал келет. Ошондуктан акыркы супер кубокто жеңилип калса дагы колдоо көрсөтүп жатышты. Албетте, мындай нерселерден кийин жигиттер өзгөрүүнү сезди", - деди клубга жаңы машыктыруучу болгон Надырбек Мамадалиев.

Акрамжон Умаров
Акрамжон Умаров

"Алай" командасынын капитаны Акрамжон Умаров эки жетекчилик менен тең иштешти. Ал мурдагы жетекчиликтин кемчиликтерин айткысы келген жок. Ошол эле учурда азыр машыктыруучулар штабы кеңейгенин кошумчалап, бул алдыдагы оюндарда жакшы жыйынтык берет деген ишенимде.

“Машыктыруучулар штабынын кеңейгени сөзсүз жакшы жыйынтык берет. Мисалы, дарбазачыга өзүнчө атайын машыктыруучу келди. Азыр өзүбүздүн жаштарды дагы тарбиялап жатат. Негизи Кыргызстанда дарбазачыдан көп аксайбыз. Азыр команданын оюн стили өзгөрүүдө. Келерки оюндарда "Алай" тез жана чабуулга басым жасаган оюн көрсөтөт. Күйөрмандар да көрүп сезишет деп ойлойм. Азыр балдар жакшы машыгуулардан өтүүдө”.

"Алайдагы" кризис

Өткөн жылы карантин учурунда "Алай" командасынын футболчулары Ош шаардык мэриясынын алдына нааразылыкка чыккан. Футболчулар командага начар шарт түзүлгөнүн айтып, айлык маяналары да берилбей жатканын билдиришкен.

Кийин "Алай" клубунун жетекчилигине футболчулардын жана күйөрмандардын нааразычылыгы күчөп, Ош мэриясы футбол клубдун жетекчилигинин ишмердигин текшерүү боюнча эки ирет комиссия түзгөн. Бирок ал комиссиялар маселеге чекит койгон эмес.

Май айынын соңунда АФК кубогунун тайпалык оюндарында "Алай" командасы жалпы үч беттеш өткөрүп, баарынан тең жеңилүү ызасын тарткан. Андан көп өтпөй, Кыргызстандын ички чемпионаттары баштала электе Ош шаардык мэриясы июнь айынын башында клубдун жетекчиси Алмаз Сулаймановду кызматтан алып, ордуна Улан Алымкановду дайындаган.

Ош шаардык мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров муниципалдык клубдун жетекчилигин алмаштырууга күйөрмандардын сыны негиз болгонун, кадрдык өзгөрүүлөр клубду реформалоого багытталганын билдирди.

Azamat Absattarov - Press Secretary of the Osh City Hall, Osh, Kyrgyzstan.
Azamat Absattarov - Press Secretary of the Osh City Hall, Osh, Kyrgyzstan.

"Ал жердеги чыныгы абалды биз көрдүк. Ошондуктан жылына жөн эле 20-21 млн сом бөлүп койбостон, ошону туура пайдалануу жана футболду өнүктүрүү боюнча тапшырмалар берилди. Азыркы жетекчилигине машыктыруучулар менен курамды өзгөртүү тапшырылган. Негизги тапшырма - команданы көтөрүү менен өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да жыйынтык көрсөтүү".

Клубдун мурдагы жетекчиси Алмаз Сулайманов команданын айланасындагы окуялар боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Болгону бул окуялар убакыттын өтүшү менен өзүнүн жыйынтыгын берерин кошумчалады.

Клубдагы жаңылануу

Клубдун жаңы жетекчиси Улан Алымканов кызматка келери менен башкы машыктыруучу Нумонжон Юсуповду кызматтан алып, ордуна Александр Бельдиновду дайындады.

Мындан сырткары Мирлан Эшенов баштаган дагы эки машыктыруучу жумушка жаңы алынды. Алар клубдун экинчи командасы менен жаштар академиясындагы оюнчуларды машыктырат. Жаңы жетекчи Улан Алымканов кызматка 5-10 жылдык план менен келгенин айтып, клубдун чемпионаттагы абалы тууралуу ой бөлүштү.

Улан Алымканов
Улан Алымканов

“Алдын ала божомолдоого болбойт. Ошол эле кезде биздин клубду четтеп калды деп да айтууга болбойт. Буюруса чемпион болууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. 5-10 жылдык жалпы план коюп жатабыз. Анда биз Азиянын чемпиондор лигасына чыгып ойношубуз керек. Биздин эң негизги багытыбыз ошол”.

Футбол клубу жаңы машыктыруучу Александр Бельдиновдун жетекчилигинде эки оюн өткөрдү. Ал өлкө чемпионатынын 13-турунда "Алга" менен беттешип, 1:0 эсебинде утулуп калды. Ал эми 1-июлда өлкөнүн супер кубогу үчүн беттеште "Дордой" менен кез келип, жеңишке жете алган жок.

Клубдун күйөрманы Акыл Орозматовдун баамында команданын азыркы курамы менен өлкө чемпиондугун утуп алуу кыйын.

“Мыкты оюнчуларды алып келмейинче чемпиондук тууралуу айтууга азырынча эрте деп эсептейм. Мен "Алайдын" фанаты болгонум менен реалдуулук башка болуп турат. Албетте, күчтүү оюнчулар бар. Дагы келип жатат. Бирок алсыз жактары да бар. Ошол жерлерге күчтүү оюнчуларды алып келмейинче чемпиондукка умтулуу эрте. Команда июлдагы каникулдан кийин оюнга кайтат. Ага чейин жетекчилиги тиешелүү иштерди аткарып дагы аракеттерди көрүшү керек".

Футбол баяндамачы Нурсултан Турусбеков Кыргызстандагы командалар үчүн АФКнын чемпиондор лигасынан да бул уюмдун кубогунда мыкты оюн көрсөтүү чоң жетишкендик деп эсептейт. Буга чейинки оюндарда кыргызстандык командалар АФК кубогунун тайпалык баскычынан ары өтө алган эмес. Турусбеков "Алай" командасынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу буларга токтолду:

Нурсултан Турусбеков
Нурсултан Турусбеков

“Келерки сезондо АФК кубогунда мыкты ойношу керек. Себеби Кыргызстандын бир дагы командасы мыкты деңгээлде ойной элек. "Алай" командасы азыр чемпиондор лигасын экинчи орунга коюп, АФК оюндарында ийгилик жаратканга аракет кылышы керек. АФК кубогу Кыргызстандын командаларын сынай турган лига. Эгерде ошол жерде өзүн жакшы көрсөтө алса рейтинги да мыкты болуп, чемпиондор лигасына чыгууга мүмкүнчүлүгү болот”.

"Алай" АФКнын чемпиондор лигасына чыгыш үчүн адегенде өлкө чемпионатын же кубогун утуш керек. Андан кийин АФК кубогунда жеңишти камсыздашы шарт.

АФК кубогу - Азиянын футбол конфедерациясы уюштурган экинчи даражадагы футбол мелдеши. Ага футболдун өнүгүү деңгээли АФК чемпиондор лигасында ойноого жетпеген чемпионаттардын жеңүүчүлөрү жана өлкө кубогунун ээлери катыша алат.

Ал эми АФКнын чемпиондор лигасы - Азиянын футбол конфедерациясы уюштурган башкы футболдук мелдеш. Ага футболу мыкты өнүккөн Азия өлкөлөрүнүн чемпиондору жана кубок ээлери катышат.

Кыргызстандын кубогунун быйылкы оюндарына Премьер-лигада, Улуттук лигада жана Экинчи лигада ойногон 17 команда катышууда. 2014-жылдан бери АФК кубогунун оюндарына Кыргызстандын "Дордой", "Алай", "Алга" жана "Нефтчи" клубдары катышып келет.

Азыр Кыргызстандын футбол боюнча чемпионаты жайкы каникулга байланыштуу токтоп турат. Командалар чемпионаттын 13-оюндарын өткөрүшкөн. Жайкы трансферде командалардын курамдары да өзгөрүп жаткан учур. Ошол эле учурда "Алайдын" курамы да коргоочу жана жарым коргоочулар менен толукталып жатат.

Чемпионаттын жарымындагы жыйынтыкка ылайык турнирдик жадыбалда "Алга" командасы 32 упай менен алдыда келатат. Ал эми "Дордой" 27 упай менен экинчиде болсо, "Алай" 22 упай менен 3-орунда турат. Командалар жалпы 28 турга чейин ойношот. Жыйынтыгында эң көп упай топтогону өлкө чемпиону болот.

"Алай" футбол клубу 1960-жылы негизделген. СССР чемпиондугунун экинчи лигасынын 7-8-5-6-бөлүгүндө ойногон. Өлкө эгемендик алгандан бери Кыргызстандын жогорку лигасында ойноп, төрт жолу (2013, 2015, 2016, 2017-жылдары) чемпиондук наамды утуп алган. 2013-2020-жылдары Кыргызстандын кубогун, 2017-2018-жылдары катары менен супер кубокту жеңген.

  • 16x9 Image

    Маратбек Акимбек уулу

    Маратбек Акимбек уулу "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. ОшМУнун кыргыз филология жана журналистика бөлүмүн аяктаган. Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын магистранты. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG