Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Намыска жараган футболчу кыздар

Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионатында (CAFAU-20) үчүнчү орунду алды.

Кыргыз футбол союзу кабарлагандай, кыргызстандык спортчулар төрт оюнда эки жеңишке жетип алты упай топтоду.

Биринчи орунду Өзбекстандын, экинчини Ирандын футболчу кыздары утту. Мелдеш Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 11-17-июнь күндөрү өттү.

Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионатына беш өлкөнүн - Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Ооганстан жана Тажикстандын командалары катышты.


16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG