Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Ал эмне үчүн Кыргызстанда футбол өнүкпөй жатканын, машыктыруучунун жоопкерчилиги тууралуу пикирин ортого салды.
- Кепти өзүңүздөн баштайлы, Орусияда футболдук жылдызыңыз жана баштаганда кандай тилектерди алдыга койгонсуз, глобалдык максат-мүдөөлөр кийин өзгөрүп кетпедиби?
- Жаӊыдан баштаган жаш футболчу катары шаардын, өлкөнүн курама командасында ойногонду каалайт элем. 18 жашка чейин жаштардын курама командасында ойнодум. Улуттук курама командада ойноого жетишпедим, анын объективдүү жана субъективдүү себептери бар. Бул эми кыял-тилектер болчу, план болсо өзгөрүп кетти. Оюндун да аягы болот, бирок мен өзүмдү футболдон бөлө албайм. Ошондуктан машыктыруучу деген жолго түштүм, ошо менен келе жатам.
- Жараат алгандан кийин ойнобой калдыңыз да?
- 30 жаштан кийин жаракаты, башкасы чыга баштайт. Оюнду жыйыштырыш керек болду, жыйыштырдым, жагдай деген бар. Башында оюнчу машыктыруучу элем, мунум кандай эксперимент болгонун айта албайм, бирок ийгиликтүү болду. Ошондой болгон, мүмкүн ал эми кайталанбастыр. Машыктыруучу болгуча бир топ сыноолордон өтөсүң.
- Сиз 2010-жылы Кыргызстанга келип “Нефтчи” командасынын оюнчу машыктыруучусу болдуңуз. Бишкектен 500 чакырым алыстагы чакан шаарда оюнчуларды машыктыруу маалында футбол талаасынан койлорду айдап чыккан учурларыңыз болгонун маектериңиздин биринде айткан экенсиз. Бир жыл ичинде элеттик команданы өлкөнүн чемпиону кылып койгонуңуздун себеп-жөнүн кийин талдап көрдүңүзбү?
- Албетте, талдап көрөсүң. Биринчи тажрыйбам жолдуу башталып, команданы жогорку лигага чыгарып коюу машыктыруучулукка жаңыдан киришип аткандардын баарына эле туш келе бербейт. Баары жакшы болду. Менде усулдук же практикалык даярдык жок эле. Баарын нөлдөн баштоого туура келди. Алгачкы аракетим, баарысын жаңыдан түшүнүп, жаңылып, оңдоп-түзөп отуруп көп иштөөгө туура келди. Командага жакшы шарт түзүп, алардын машыгуусун, оюндарын уюштурууга менде менежерлик тажрыйба да жок эле.
Маселелер аябай көп болчу, анын баарын ыраатка салууга аракеттендик. Команданы алдыга чыгарыш үчүн көп иштедик, оюнчуларга шарт түзүп, баарын ыраатка салууга туура келди.
Биринчи гол, жеңиш – мунун баарына жетишүү чоң жоопкерчиликти талап кылчу жумуш, күн-түн дебей, убакытка карабай чуркап иштөө, жыл бою тынбай мээнет кылуунун жыйынтыгы. Аракет чоң жеңишке алып келди. Бирок мен эми аны кайталай албайм. Бирөөлөр кантип жасашты айтып кеңеш бер деп сураса, “андай кылбаш керек” деп айтар элем. Кантип мыкты жыйынтыктарга жетип калышыбызды азыр так айта албайм. Эмне үчүн андай болушунун себептерин түшүндүрүш кыйын, эрежеден тыш болуп кетти шекилдүү. Дүйнөдө кээде болуп калат, бирок практика жүзүндө такай болот деп айтыш кыйын.
- Оюнчу катары эмес жөнөкөй адам катары айтсаңыз. Сиз Кыргызстандын чет жериндеги кичинекей шаарга иштегени келдиңиз, элет турмушуна аралаштыңыз. Ал жердин эмнеси жакты, жакпаган жагы да болдубу? Кантсе да көнүмүштөн тыш жерге келдиңиз да.
- Албетте, мен Азияга келгенимди сездим, баарысы башкача. Андайга мен анча деле маани бербейм, жаңы келгенде баары жакшы сезилди, жаңы адамдар менен таанышып, элдин маданиятын, каада-салттарын үйрөнүү кызыктуу болду, мага жакты. Анткен менен убакты-саатымдын көбү ишке арналды, жанымдагы адамдар мага болушунча жардам кылышты, майда-чүйдө нерселерге убактымды коротподум. Баарысы жакшы болду. Табият дейсизби, бул жердин жаратылышы мени аябай таң калдырды. Тоолор жашаган жериңден көрүнүп турат, таза аба, жыргал. Тоолор, андан агып түшкөн суулар, керемет.
- Төрт жыл “Нефтчини” башкарып, анан улуттук курама команданын машыктыруучусу болуп калдыңыз. Футбол дүйнөсүндө кызмат тепкичинде минтип ыкчам көтөрүлүү сейрек болобу же көндүм нерсеби?
- Мына караңыз, 2010-жылы биз чемпиондукту жеңип алдык. Кыргызстан кубогунун финалында гана утулуп калдык. Мурда бир да сыйлыкка жетише албаган команда эки медалга татыктуу болду. Биринчи жылы чемпион, кийинкисинде экинчи болуп калдык, кубоктун финалында гана утулуп калдык. Анткен менен команда мыктылыгын көрсөтө алды. Команданы машыктыруучусу катары менин тажрыйбам чакталуу болчу, курама команда жагын айтпай эле коёюн. Курама командада иштөөнүн өзгөчөлүгү бар. Курама команданы көп жылдар башкаруу ийгиликке алып келе бербейт. Ушу тапта Орусиянын курама командасында тажрыйбасы жок машыктыруучу иштеп, кандай жыйынтыктарга жетишти. Бул жерде эч ким кепилдик бере албайт, көп жылдар машыктырасыңбы же жаңыдан баштап жатасыңбы, айырмасы жок.
- Артыңызга кылчая карап кызматыңыздын кескин жогорулашын кантип баалайт элеңиз?
- Кандай десем, фантастика, бул бир керемет, дагы бир ирет айтып коёюн, тагдырыма ыраазымын, жашоомдо мага мыкты мүмкүнчүлүк берилди, мен аны болушунча пайдаланышым керек. Баарына эле мындай мүмкүндүк бериле бербейт.
- Бул жылдары Кыргызстанда сиз бой жашадыңыз...
- Андай эмес. Үй-бүлөм менен жашайм, келинчегим келип-кетип турат. Үй-бүлөсүз кантип болсун, балдар кантип пайда болот, жок, андай эмес. Мен баласаак адаммын. Үй-бүлөң жаныңда болсо жакшы, жалгыз калганыңда оор. Кыргызстан менин турмушумда, тагдырымда, жүрөгүмдө өзгөчө орунда турат. Бул талашсыз. Мага бул жер жагат. Баарын түшүнөм, айрым нерселерди бул жерде төрөлгөндөрдөн жакшы билет болушум керек. Көп нерселери жагат, мага ыңгайлуу. Орусияга салыштырмалуу мага жакын, Орусия үйүм, ата-энем, дос-туугандар жашаган жер. Бул жерде иш, достор, экинчи үйүм.
- Кыргызстанда төрөлбөгөн адам катары кыргызстандыктар баалабаган нерселерди айта аласызбы? Сырттан жакшы көрүнөт го.
- Андайлар бар, биринчи келгенде аябай сүйүнгөм, аябай кооз, жаратылышы керемет асыл жер. Бангладешке барганда анчалык сүйүнгөн эмесмин. Ал жер деле сонун. Кыргызстан бай, кооз жер, бирок эл ага начар мамиле жасайт. Табиятын таза карашпайт, көчөлөр кир, акыр-чикирди таштап кете беришет. Мен жашылдардын жактоочусу эмесмин, бирок да бул жерде таштандылар, акыр-чикирлер толтура. Мага бул түшүнүксүз, ушундай кооз жерде жашап, өз жерине жасаган мамилесин түшүнө албайм, сырттан келгенге байкалчу нерсе ушул. “Экинчи Швейцария” дешет, мен ал жерде болгом, швейцариялыктар тазалыкка аябай катуу көңүл бурушат. Бизде тескерисинче, айыпты өкмөттөн көрөбүзбү, өзүбүз булгайбыз.
- Орусия - үйүңүз, Кыргызстанчы?
- Бул жер менин машыктыруучулукка байланышкан мекеним. Ушул жерден иш баштадым, улантып жатам. Жакшы адамдар менен тааныштым, жакшы мамиледемин, Кыргызстан менин жүрөгүмдө.
- Эгер Орусия менен Кыргызстандын курама командалары оюн талаасында беттешип калса сиз кимди сүрөйт элеңиз?
- Кимисин машыктырсам ошону сүрөйм. Машыктырган командаңды сүрөйсүң. Бул жерде эске ала турган бир жагдай бар, спорттун кайсы түрү болбосун Орусия жакшы ойносо аны сүрөйм. Эгер биздин жигиттер күрөшкө чыгышса, Кыргызстанды сүрөйм. Непадам Кыргызстан менен Орусия күрөшкө чыгып калса жакшы оюн көрсөткөндөр тарапта болом.
- 2019-жыл Кыргызстан курама командасынын көкөлөгөн учуру болду. Азия кубогу, Австралия менен оюнда жеңилгенибиз менен жакшы эсеп көрсөтүштү. Баарыбыз команданы сүрөп турдук. Анан апаат башталып, тыныгуу болуп калды. Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунда биздин жигиттер жакшы ойной алышпады.
- Эми талдайлы. Көкөлөө учуру деп атпайсызсызбы, ал оюн талаасында гана болду. Балдар жакшы оюн көрсөтүштү, системдүү даярдык болду, балдар системдүү жыйынтыкты камсыз кылышты. Биз буга төрт жыл даярданганбыз. Жакшы. Азия кубогунда ойноп, дүйнөлүк кубокко кириштик. Азия кубогуна катышкан балдардын 90% төрт жылдан бери ойноп келаткан жигиттер. Белгилүү бир убакыттан кийин муун алмашуу жүрөт, муну биз билчүбүз. Бул өзү оор процесс. Бийик деңгээлдеги оюнчулар Кыргызстанда аз, мыкты оюнчуларды табыш кыйын. Мунун баары табигый процесс менен кетиши керек.
Кыргызстандагы мыкты оюнчулардын баары эле дүйнөлүк деңгээлдеги футболчулар эмес. Күчү, тактикасы, чеберчилиги болуш керек, биздин чакан кадрдык штатыбыз бар. Жакшы оюнчулар бар, бирок жылына 5 – 6 мыкты оюнчуну табыш мүмкүн эмес. Биз курама командага аз-аздан жаңы оюнчуларды ала баштаганбыз. Экинчи жагынан, Азия кубогу биздин оюнчулардын менталитетин кыйла өзгөртөт деп ойлогонбуз, тилекке каршы, андай болбоду. Балдардын бул жерде күнөөсү жок. Азия кубогунан кийин мыкты оюнчуларга суроо болбоду. Балдардын бир-экөө четке чыгып, жарым жылдан кийин кайтып келишти. Жеңишке шыктанган балдар чет элдик клубдар чакырат деп күтүшкөн, андай болбоду. Анан айрым проблемалар чыкты, кээ бирөөлөр жаракат алышты. Эртерээк чогулууга мүмкүндүк болбоду, себеби чет элдик клубдар биздин оюнчуларды коё беришпейт. Аз чогулгандыктын натыйжасы тигиндей болду, жагдайга жараша болот экен. Команданын алдында бир гана милдет турат – Азия кубогуна катышуу. Биринчиси жакшы болбосо, экинчисин күтөбүз, бул өзү узакка созулчу процесс.
Монголия менен дарабазачы жок ойнодук. Мянма менен да ошондой болду. Тажикстан менен оюнду айтып отурбайын. Муну объективдүү караш керек.
- Балдардын эмоционалдык абалы кандай?
- Кыйын эле болду, тамакты номерге алып келип берип атышты. Бөлмөдө төрт күн отурушту, ар башка талаада машыгуу өткөрүштү. Бир талаада машыгып, анан башкасына өтүп, көчүп жүргөндө кандай эмоционалдык абал болушу мүмкүн. Ошондой шартта биздин балдардын Мьянманы жеңип алышы мактоого гана арзыйт. Бизди билип-билбей жамандай берчү куру адистер толтура.
Монголиядан утулуп калдык, дарбазачы жок. Макул сындашсын, бирок дарбазачысы жок Мьянманы 8:1 эсебинде уттук го. Ким мактады, мейманканадагы кыйынчылыктарды айтпай эле коёюн, бирок мыкты оюн көрсөттүңөр деп ким мактады? Мьянмадан кийин жамандашпады, ошонусуна рахмат, бирок мындай мамиле жакшы эмес да. Биздин турмушта үстүңөн ылдый жугунду куюп ийүү боло берет. Баары жаман деп бакырчулар чыгат. Сын жакшы, бирок жамандаганды гана билгендер бар, биз аларга көңүл деле бурбайбыз.
- Коронавирустун айынан оюнчулар беттешүүлөрдү өткөрбөй калышты. Футбол жетекчилиги мындан кандайдыр бир сабак алыштыбы, мындан ары болбошунун кепилдиги барбы?
- Кандай кепилдик? Мындайда бир эмес бир нече оюнчуңан кол жууп калышың мүмкүн. Командаңдын үч мүчөсү ооруп калса баарын беттештен четтетишет. Кандай сабак, аба майданга барып учар алдында, учуп баргандан кийин күтүлбөгөн проблемага жолугушуң мүмкүн.
- Команданын капитаны Азамат Байматов эмне үчүн курамга кирбей калды?
- Ал эмне үчүн курамга кириши керек? Талдап көрөлү. Быйылкы жылы ал канча ойноду, билесизби? Анан суроо беришет. Канча ойногонун, канча жаракат алганын эсептеп көрсүн. Май айынан бери ойнобойт. Анан жаракат алып эки ай дарыланды. Андан кийин машыгууларга катыша баштаганда августта коронавирус жугузуп алды. Аны кандай негизде курама командага алабыз?
Чемпионаттын оюндарына катышты, жаракат алды, дарыланды деп алабызбы? Ал өзү оюнан чыгарып айтып жатат. Канчадан бери курама командада жок. Ансыз деле футбол ойноло берет. Азыр ойноону-ойнобоону футболчу чечип калган заман, социалдык тармак аркылуу ар нерсени айта беришет. Бул маселе укуктук талаада чечилиши керек. Экинчиден, өзүн сыйлаган оюнчу мен формадамын, желмогуз машыктыруучу мени ойнотпой атат дебейт. Өзүн рекламалоо жакшы эмес. Азыр баары ачык көрүнүп турат. Бирин-бири көрүп-билип атышат. Байматов беш ай дарыланды эле деп чакырабызбы? Ден соолугу чың оюнчулар бар.
- Курама команданын мурдагы капитаны Азамат Байматов сизди бул орунда көп отуруп калды, жыйынтыктар жок, ошондуктан кызматты бошотуш керек дейт.
- Бул жерге сиздин суроолорго жооп берейин деп келдим эле. Түшүндүрүп коёюн. Машыгууга катышчу күндөрдү мен аныктабайм, жагдай ошондой болуп калды. Экинчи маселе, биз жетекчилик менен төрт жылга келишимге кол койгонбуз. Менин алдыма коюлган милдет – команданы Азия кубогуна алып чыгуу. Аны биз жаңы оюнчуларды алуу менен акырындан чечип жатабыз. Кыйынчылыктар көп, ага карабай балдар жакшы ойношту. Контрактта коюлган тапшырманы аткаруу жазылган.
- Келишимде баары көрсөтүлгөнбү, стадион, оюнчуларга шарттар...
- Шарттар мурда кандай болсо ошондой, өзгөрүү жок. “Абдыш-Атанын” дурус базасы бар. Анан дурус дегидей шарт “Дордойдо”, болду анан... 20 жыл мурда ушундай болчу. Өлкө, башка жактардан эч кандай өзгөрүү болбоду. Кымбат баалуу легионерди алып келиштиби? Жок. Сырттан мыкты машыктыруучулар келдиби? Кыргызстан футболуна жаңы бир нерселерди алып келиштиби? Жок! Спорттун максаты – мыктыларды тандоо.
- Александр Сергеевич, кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат!