Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Апта: Кыргызстанга стадион, Венесуэлага президент


Кыргызстандын курама командасы Абу-Даби шаарындагы беттешүү алдында. 21-январь, 2019-жыл.
Кыргызстандын курама командасы Абу-Даби шаарындагы беттешүү алдында. 21-январь, 2019-жыл.

Узап бараткан жуманын урунтуу окуяларына сереп.

Шаршембиде Жогорку Кеңештин депутаттары 1-январдан тартып күчүнө кирген беш кодекс менен эки мыйзамды кабыл алууда алешемдиктерге жол берилгенин моюнга алышты. Парламенттеги талкууга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган тиешелүү мекемелер менен министрликтердин башчылары жана кодекстерди иштеп чыккан эксперттик топтун мүчөлөрү катышты.

Быйыл Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процесстик кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Тартип бузуу жөнүндө кодекс, «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштады. Жаңы кодекстерге ылайык эселеп көбөйгөн айыппулдар социалдык тармактарда кызуу талкууланып, коомчулуктун калың катмарын нааразы кылды.

Буга чейин депутаттар улам бир өксүгү оркоюп чыккан мыйзамдардагы кемчиликтер үчүн аны иштеп чыккан эксперттик топту, «жетиштүү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн эмес» деп өкмөттү айыптап келишкен. Бул жолу айрым мыйзам чыгаруучулар мындай кырдаалдын түзүлүшүнө парламенттин да жоопкерчилиги бар экенин моюнга алышты.

КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев өкмөттү мыйзамдарды аткарууга, депутаттарды болсо кемчиликтерди оңдоого үндөдү.

- Айрым каталар бар. Бирок алдыга карай жылышыбыз зарыл - деди депутат. - Күнөөлүүлөрдү издеп, кимдир-бирөөнү айыптоо туура эмес. Парламенттеги депутаттардын 99% бул мыйзамды колдогон, президент кол койгон.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов кодекстер парламентте талкууланып жатканда аларды кабыл алуу боюнча президенттик администрациядан «тапшырма түшкөнүн» ачык айтты:

- Азыр бири-бирибизге шылтап, эми уят болуп жатабыз. Бул бизге сабак болушу керек. Мындай мыйзамдар көп кабыл алынган. «Жогору жактан президент айтты» деп бир кабыл алганда эки-үч окууда кабыл алынды. Мында ошол мезгилде да президенттик администрациядан түшкөн, «тез арада кабыл алып бергиле, ушул мыйзамды» деп. Муну ачык айталы да!

Дагы бир эл өкүлү Тынчтык Шайназаров «Азаттыкка» берген комментарийинде сапатсыз мыйзам долбоорлору парламенттен кантип өтөөрүнүн сырын ачты:

- Жаңы жылдын же эс алууга кетердин алдында 60-70-100 мыйзамды таңгак менен алып келип, «үч окуудан тең өткөрүп койгула» деп кыстай башташат. Суранат, коркутуп-үркүтөт, эми ар кандай ыкмалары көп. Суроо бергенге эч ким үлгүрбөйт. Анан бирөө «келгиле, үч окуудан тең колдоп коёлу» деп чыгат. Ошону менен мыйзам долбоору өтүп кетти.

Парламент жаңы кодекстерге баа берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00

Айрым парламентарийлер жаңы мыйзамдардагы кемчиликтер үчүн аларды иштеп чыккан эксперттик топту сындашты. Алардын пикиринде, атайын топко реалдуу турмуштан алыс адистер кирип, мыйзамдарга кайчы келген нормалар жазылган.

Кодекстерди иштеп чыккан топтун мүчөсү Гүлмира Мааткеримова парламентте туруп, мыйзам долбоору талкууланып жаткан кезде депутаттар эксперттердин кеңешин укпай койгонун эске салды.

- Чынын айтканда «тармактык комитет качан бизди чакырат, ушул маселелерди талкуулайт» деп күтөбүз, - деди эксперт. - Бизге сөз беришпейт, кечээ комитетте эксперттерди чакырганбыз, ушул сөздөрдү айтууга аргасыз болдук. Бир киши бардык кодекстерди биле албайт. Ар бири өз тармагы боюнча айтып берет. Биз кеңешибизди сунуш кылганбыз. Эч ким уккусу келген эмес.

Мааткеримова парламентте эксперттерди кемсинткен мамиле болуп жатканына нааразы экенин жашырган жок.

Жогорку Кеңештеги талкуудан соң өкмөт март айына чейин жаңы кодекстердеги кемчиликтерди оңдоп чыкмай болду. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев кодекстеги мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча төрт жумушчу топ түзүлгөнүн мурдараак айткан.

Соттук-укуктук реформа жүргүзүү максатында 13,6 миллион доллар эл аралык уюмдардан алынган. Каражат жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууга жана калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жумшалганы айтылган. Парламентте ошол акча кандай сарпталганын текшерүү маселеси да көтөрүлдү.

Коңшу Казакстанда соттук-укуктук реформа 2015-жылы ишке ашкан. Беш кодекс жаңыланып, ишке киргизилген. Эксперттик жана парламенттик топко мүчө болгон юрист, Алматыдагы «Эл аралык укуктук демилгелер» борборунун жетекчиси Аина Шорманбаева «Азаттык» менен болгон маегинде коңшу өлкөнүн үч жыл мурунку тажрыйбасын айтып берди.

"Казакстанда жаңы кодекстерде алешемдиктер көп болчу"
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:00 0:00
Түз линк

Кыргызстанда жыл башынан бери күчүнө кирген жаңы кодекстердин негизинде абактарда жазасын өтөп жаткан 9500дөн ашуун адамдын иши кайра каралат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдиргендей, алардын 4000ге жакыны соттун кароосуна жиберилди.

Жаңы жылдан бери кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри да иштеп жатат. Аны Башкы прокуратура көзөмөлдөйт. Ал эми Тартип бузуу жөнүндө реестр Ички иштер министрлигинин карамагына берилген.

Венесуэлада бийлик кризиси уланууда

Латын Америкасындагы Венесуэла мамлекетинде кош бийлик орноду. Саясий кризиске кептелген өлкөдө 23-январда оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн утурумдук президент деп жарыялап, ант берди. «Венесуэланын президентинин милдетин аткарууга киришип жатып, аткаруу бийлигинин бардык ыйгарым укуктарын алууга ант беремин» - деди 35 жаштагы жаңы лидер башкалаа Каракаста чогулган миңдеген элдин алдында туруп.

Ал өткөөл өкмөт түзүп, таза шайлоо өткөрүп, өлкөнү экономикалык кризистен чыгаруунун жолдорун табууга убада берди. Ошондой эле социалист президент Николас Мадуронун бийлигин кулатууга көмөктөшкөн аскерлер эч кандай жазага тартылбай турганын айтты.

Хуан Гуайдо жана Николас Мадуро.
Хуан Гуайдо жана Николас Мадуро.

Венесуэланын армиясы жана башка маанилүү мамлекеттик органдары дагы эле Мадуронун бийлигине баш ийип турушат. Коргоо министри Владимир Падрино «Твиттер» баракчасына куралдуу күчтөр Гуайдону «жаңы президент деп тааныбай турганын» жазды.

Гуайдо өзүн утурумдук президент деп жарыялар замат АКШнын президенти Дональд Трамп Внесуэланын жаңы бийлигин тааный турганын жарыялады. Мадурону «мыйзамсыз президент» деп атаган Трамп Венесуэлада «жалгыз легитимдүү бийлик – парламент» деди.

Ишембиде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дүйнөлүк коомчулукту Мадуро башында турган Венесуэланын режимин бардык эл аралык каржы жана төлөм системаларынан ажыратууга чакырды. Ага чейин Вашингтондогу администрация Мадуронун бийлигин «киреше булактарынан ажыратууга» көңүл буруп жатканын билдирген.

АКШ Венесуэланын элине 20 миллион долларлык гуманитардык жардам берери маалым болду.

Мадуро АКШ менен дипломатиялык алаканы үзөөрүн жарыялап, өлкөдөгү америкалык дипломаттарга 72 сааттын ичинде чыгып кетүүгө убакыт берди. Ал өлкөдө болгон окуяны «мамлекеттик төңкөрүш аракети» катары баалап, аскер күчтөрүнөн ак кызмат өтөөнү талап кылды.

БУУнун ишемби күнкү жыйынында Британиянын, Германиянын, Франциянын жана Испаниянын өкүлдөрү эгерде Мадуро сегиз күндүн ичинде жаңы шайлоо өткөрүүгө камынбаса, Гуайдону убактылуу президент деп тааный турганын билдиришти.

БУУдагы Орусиянын өкүлү Василий Небензя АКШны Венесуэлада «Мадуронун режимин кулатыш үчүн башаламандык уюштуруп жатат» деп ачык эле айыптады.

АКШга удаа эле Канада, Дания, Грузия, Украина, Британия жана Түштүк Америкадагы бир катар мамлекеттер Гуайдонун бийлигин тааныганын жарыялашкан. Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск «Твиттер» баракчасына «Европа Венесуэладагы демократиялык күчтөргө бирдиктүү колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөм» деп жазды.

«Мадуродон айырмаланып, Улуттук ассамблеяга, анын ичинде Хуан Гуайдого Венесуэланын жарандары демократиялык жол менен мандат берген», – деди Европа кеңешинин төрагасы.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги, Беларустун президенти Александр Лукашенко Мадуронун өкмөтүнө колдоосун билдиришти. Аларга Сирия менен Грекия да кошулду. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Мадуро менен телефондон сүйлөшүп, өз колдоосу тууралуу айтканын анын басма сөз катчысы кабарлады.

Москва Венесуэлада бийлик кризис башталганда эле Мадурону колдоп, жоопкерчиликти АКШга жүктөгөн. Бейшембинин кечинде президент Владимир Путин телефон аркылуу Мадуро менен сүйлөштү. Кремлдин сайтына чыккан маалыматта Путин «Венесуэлада саясий кризисти курчутпаш үчүн өлкөнүн мыйзамдуу бийлигине колдоосун билдиргени» айтылат.

Мадуро бейшембиде Каракаста Жогорку сотко келгенде, Путин менен сүйлөшкөнүн жар салып, ага колдоо көрсөткөн лидерлерге ыраазычылыгын билдирди:

- Бул жерге келердин алдында Владимир Путин телефон чалды. 20 мүнөттөй сүйлөштүк. Путин ар дайым Венесуэлага тилектештигин билдирип келген. Президент Орусия жана өкмөт Венесуэланын легитимдүү жана конституциялык өкмөтүн колдой турганын айтты.

Уго Чавестин бийлигинин тушунда Венесуэла Орусия менен аскердик-техникалык тармакта тыгыз кызматташа баштаган. Москва геосаясий кызыкчылыктан улам Каракаска курал-жарак берип, аскердик жактан колдоп келген. Орусия үчүн бул өлкөнүн географиялык жактан жайгашуусу өтө маанилүү.

Былтыр жыл этегинде Орусиянын Коргоо министрлиги Латын Америкасындагы аскердик машыгууларга катышууга Венесуэлага өзөктүк дүрмөт алып жүрө ала турган эки ракета берген. Соңку жылдары Венесуэла Орусиядан миллиондогон долларга аскердик техника сатып алды.

Былтыр Мадуро Москвага барып, орусиялык кызматташы Путин менен жолуккан. Орусия Каракаска кара май өндүрүүгө жана тоо-кен тармагына алты миллиард доллар бермек болгон. Маалыматка караганда, 2006-жылдан бери Москва Венесуэлага бери дегенде 17 миллиард долларлык насыя берген.

2013-жылы Уго Чавес өлгөндөн кийин Мадуро бийликке келген. 2018-жылдын май айында эрте шайлоо өткөрүп, 10-январда бийликтеги экинчи мөөнөтүнө расмий киришкен. Көпчүлүк Батыш өлкөлөрү менен Латын Америкасындагы бир катар мамлекеттер бурмаланган шайлоого нааразылык билдирип, Каракастан элчилерин чакыртып алышкан. Кошмо Штаттар болсо Венесуэлага кошумча экономикалык санкцияларды киргизишкен.

Социалист президентти адам укуктарын такай бузганы, экономиканы тескей албаганы үчүн да сындап жүрүшөт. 30 миллион калкы бар мамлекетте тамак-аш жетишпей, гиперинфляция каптап, анын көрсөткүчү соңку бир жыл ичинде 1 миллион 300 пайызга чейин жеткен. Коңшулаш мамлекеттерге үч миллиондон ашуун киши жакшы жашоо издеп кеткен. Бирок Мадуронун бийлиги өлкөдөгү гуманитардык кризисти моюнга алган эмес.

Венесуэладагы өкмөткө каршы массалык демонстрациялардын жаңы толкуну узап бараткан аптада башталган. Укук коргоочулардын эсебинде, нааразылык акцияларынын маалында кагылышууларда ондон көп киши өлдү, жүздөгөн адамдар камалды.

Футболчулар стадионго муктаж

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунда таймашты. Мындай деңгээлдеги мелдеште алгач ирет ойноп жатканына карабастан, кыргыз футболчулары финалдын 8/1 бөлүгүнө жетип, 16 мыкты команданын катарына кошулду. Курама команданын Бириккен Араб Эмираттарындагы оюндарынан кийин коомчулукта футболго жетиштүү деңгээлде көңүл буруп, заманбап стадион салуу маселеси кайрадан күн тартибине чыкты.

Бейшембинин таңында «ак шумкарлар» Бишкекке учуп келишти. Аларды жүздөгөн күйөрмандары тосуп алышты. Баш калаанын Ала-Тоо аянтында кыргыз футболчуларынын тарыхый ийгилигин даңазалаган салтанаттуу азем уюштурулду.

Ала-Тоо аянтындагы футбол майрамы
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:04 0:00

Ага чейин спортчуларды президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алып, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды. Мамлекет башчы Футбол федерациясы менен кошо спорттун бул түрүн өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап стадион курууну өкмөткө сунуш кылды.

«Ала-Тоо» аянтына чогулган эл спортчуларды куттуктаганы келген өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевдин сөзүн бөлүп: «Жаңы стадион болобу?» - деп жаалап кирди. «Менин билишимче, президентибиз жакында стадион салуу боюнча чечим кабыл алат. Биз мындан ары Кыргызстандын ар бир облусунда жакшы футбол талааларын салганды күчөтөбүз», - деген өкмөт башчынын сөзүн уккандар кызуу колдошту.

Заманбап үлгүдөгү стадиондорду куруу маселеси буга чейин эле көтөрүлүп жүргөн. Демилге өкмөттүк деңгээлде айтылганы менен аны ишке ашыруунун так планы жок. 2015-16-жылдары премьер-министрдин кызматын аркалаган Темир Сариевдин айтымында, жаңы спорттук комплекстин курулушу орточо эсеп менен 25 миллион долларга эсептелген.

- Бардык стандарттар сакталган, журналисттер жана коноктор үчүн залдары бар чоң стадион каралган, - деди мурдагы премьер. - Анын алты кирип-чыга турган жери, автонуаа токтогонго кенен жайлары болушу керек. Башкы стадиондун жанына машыгууларга үч кошумча стадион курулса дегенбиз. Балдардын спорт командаларына колдоо көрсөтүп, чакан стадиондор салынып калса деп пландаганбыз. Жатаканалары жана бардык шарттары бар база да кошулган.

Футбол федерациясынын президентинин орун басары, ишкер Аскар Салымбеков эл аралык стандарттарга жооп берген стадион салууга жалаң өкмөттүн «чамасы жетпей» турганын айтып, коомчулукка «ашар жолу менен болсо да салалы» деп кайрылды.

Футбол федерациясынын мурдагы кызматкери, журналист Базарбек Абдураимов Азиянын биринчилигиндеги курама команданын тарыхый жеңиши кыргыз бийлигинин футболго мамилесин өзгөртүшү керек деген көз карашта.

- Кадрлар жок, кесипкөй калыстар, машыктыруучулар жетишпейт, - деди ал. - Стадиондордун абалы «мышык ыйларлык». Эми буга мамлекет да кийлигишип, ишти колго алышы керек. Азия кубогунан кийин кыргыз футболунда жаңы барак ачылабы деген үмүтүм бар.

Футбол боюнча эл аралык мелдештерди өткөргөн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион 1941-жылы салынган. Андан бери үч жолу капиталдык оңдоодон өткөн. Кийинки убакта Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) атайын инспекциясы Бишкектеги стадион азыркы нормага жооп бербей турганын Кыргызстандын федерациясына эскерткен.

Элди толкуткан футбол
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:17 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG