Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 21:12

Митингчилер милиция менен соттошот


Бишкектеги митинг. 17-январь, 2019-жыл.

Бишкекте митинг учурунда кармалып, Тартип бузуу жөнүндө жаңы кодекстин негизинде айыпка жыгылгандар сотко кайрылышты. Бул январдан баштап күчүнө кирген кодекстердеги тартип сакчыларынын укуктары менен милдеттерине байланышкан маселени козгоду.

17-январда Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарга каршы митингде кармалып, 3000 сомдон айыпка жыгылган 21 жарандын үчөө Биринчи май райондук сотуна арызданды. Биринчи май райондук милициясынын башчысы айыппулду Тартип бузуу жөнүндө жаңы кодекстин негизинде салган.

Айыпка жыгылгандардын бири, «Кыргыз чоролору» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бактыбек Нуралы уулу соттун чечими жок эле милициянын айыпка жыкканына нааразы болду:

Бактыбек Нуралы уулу.
Бактыбек Нуралы уулу.

- «Жаңы кодекс чыкты» деп жатышат. Бирок жаңы кодекс боюнча милиция эле айыппулга жыга берсе анда соттун эмне кереги бар? Ооба, мен аянтта өткөн элдик жыйынга катышкам. Бирок ага катышпаган, жөн эле көчөдө өтүп бараткан балдарды кармап, эч кандай далили жок эле 3000 сом айыпка жыгып атат. Бул үчүн бир негиз болуш керек да? Биз демократиялуу, мыйзамдар иштеген мамлекетте жашап жатабызбы? Же райондук милициянын жетекчиси эч кандай далили жок эле кишилерди айыпка жыга береби?

Аларга Тартип бузуу жөнүндө кодекс боюнча «Коомдук тартипти сактоо милдеттерин өтөп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкеринин талабына баш ийген эмес» деген айып коюлган. Бирок доогерлердин дагы бири Нурбек Жакыпов тартип сакчылары эч кандай түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөнүн айтты:

Нурбек Жакыпов.
Нурбек Жакыпов.

- Митингди үйдөн Интернет аркылуу көрүп, Ала-Тоо аянтына барганыма 10 эле мүнөт болгон. Көп өтпөй эле кармап кетишти. Милициянын бөлүмүнөн мага эч кандай түшүндүрмө беришкен жок. Ары-бери сүйрөп жүрүп протокол түзүп беришти. «Айыпты бир айдын ичинде төлөйсүң. Эгер төлөбөсөң өсө берет» деп айтышты. Эмненин негизинде, эмне үчүн айып салынып жатканын түшүндүрүшкөн жок. Менин 3000 сом төлөгөнгө азыр мүмкүнчүлүгүм жок. Митингде «Ак үйгө баралы» деп элди үгүттөбөсөм эмне үчүн айып төлөшүм керек?

Митингде кармалгандар айыппулду бир айдын ичинде төлөшү керек. Эгер аны белгиленген мөөнөттө төлөшпөсө, иши сотто каралат. Ал эми алардын райондук милициянын салган айыппулуна каршы доо арызы сотто качан каралаары белгисиз.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев жарандар нааразылык акциясын уюштуруу мөөнөтү бүткөнүнө карабай аны улантканына жана автоунаа жолун торогонуна байланыштуу кармалганын айтып, салынган айыптар тууралуу буларга токтолду:

Эрлан Атантаев.
Эрлан Атантаев.

- Митингге чыккандар бейбаштык кылып, күч органдарынын мыйзамдуу талабына баш ийбегендиктен Тартип бузуу жөнүндө кодекстин 82-беренесине ылайык, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, 3000 сомдон айыппул салынган. Жаңы кодекстин негизинде райондук милициянын бөлүм башчысы соттун чечими жок эле өзү айыпка жыга алат. Бул жерде мыйзамдуулук сакталган. Кармалган жарандарды коркутуу, зомбулук көрсөтүү болгон эмес. Эгер алар айыптын мыйзамдуулугуна макул эмес болсо сотко кайрылууга укугу бар.

Адистер майда мыйзам бузууга жол берген жарандардын ишин сотко жеткирбей эле милицияда чечүүнү соттордун ишин жеңилдетүү аракети катары баалап жатышат. Коомчулук андан тышкары өндүрүлгөн айыппулдар каякка түшөөрүнө кызыгууда.

Буга чейин жаңы кодекстер тууралуу өкмөттө болгон жыйында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев акча бюджетке которуларын билдирген:

- Түшкөн айыппулдун баары республикалык бюджетке кетет. Кээ бирөөлөр «каражат милициянын бюджетине кетет экен» деп жатышат. Бул туура эмес. Ички иштер министрлиги мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекстердеги милициянын укуктары менен милдеттери да кайчы пикирлерди жаратты. Маселен, милиция тартип бузган жаранды үч сааттан ашык кармай албайт. «Бул милициянын коомдук тартипти көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн чектейт» дегендер бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков мыйзамдардагы азыркы башаламандыкты кодекстердин жакшы талданбай калганы менен байланыштырды:

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

- Кодекстер бир жыл ичинде эле шашып-бушуп кабыл алынып калды. Мыйзамдарды талкуулаш керек болчу. Жогорку Кеңеш керек болсо ар бир беренесин карап чыгышы керек эле. Парламенттин тиешелүү комитети да караган жок. Кодекстерди талдаш үчүн аларга үч ай кетмек. Булар болсо дароо эле өткөзүп салышты. Жаңы кодекстерди кабыл алуу ишине 20-30дай гана депутат жигердүү катышты. Жаңы беш кодекстин баарын 120 депутаттын 5 пайызы гана окубаса, калганы окуган деле жок. Ошондуктан чала-була мыйзамдын баары өтүп кетти. Милиция болобу, башка кызмат болобу аларга жоопкерчилик менен кошо укукту да бериш керек.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев жаңы кодекстер менен иштөөдө мыйзамда карама-каршылыктар чыгып жатканын моюнга алат. Бирок анын пикиринде алар коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тоскоол болбойт.

- Жаңы мыйзам күчүнө киргенде башында кыйынчылык болот, - деди ал. - Ошондуктан мыйзамга айрым өзгөртүүлөр киргизилет го деп эсептейм. Бирок биз жарандардын укуктарын коргоо жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча милицияга коюлган милдетти так аткарып жатабыз. Жаңы мыйзамдарды бузган жаранды биз анын тек-жайын такташ үчүн үч саат кармайбыз. Андан ашык кармоого биздин укугубуз жок. Анткени азыркы мыйзам боюнча «камакка алуу» деген жок. Тартип бузган жаранга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин аны коё берүүгө милдеттүүбүз. Кайра кайталанса «бейбаштык» деп сотко алып барып чара көрүлөт. Кээ бир жарандарга милицияга бардык укукту берсе да, милициядан көп укукту алса да жакпайт. Ага карабастан биз коомдук коопсуздукту сактоого милдеттүүбүз, аны бизден эч ким алган эмес.

1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген.

Өкмөт жакында эле жол эрежесин бузуунун айрым түрлөрүнө, көчөдө түкүргөндөргө салынган айыппулдардын өлчөмүн азайтуу боюнча Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуш кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (32)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG