Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Айыптын өлчөмү ача пикир жаратты


"Тазалык" ишканасынын кызматкеринин иши. 1-январь, 2019-жыл.
"Тазалык" ишканасынын кызматкеринин иши. 1-январь, 2019-жыл.

Жол эрежесин бузгандарга жана коомдук жайларда түкүргөндөргө коюлган айып пулдар боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Эмнеге кыргыз коому эң жөнөкөй эрежелерди сактагысы келбейт? Тартипти сактоодо укук коргоо органдарынын иш-аракети да жөнгө салынышы керекпи?

Коомчулук жыл жаңыргандан бери жаңы өзгөртүүлөр киргизилген кодексти кызуу талкуулап жатат.

2019-жылдан баштап күчүнө кирген мыйзамдардын ичинде жол эрежесин бузган айдоочуларга салынуучу айыппулдун өлчөмү бир нече эсе көбөйдү.

Андан тышкары коомдук жайларда түкүргөндөргө 5500 сом айыппул каралган.

Ага нааразы болгон жарандардын бири Жогорку Кеңештин имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн акча төлөөгө даяр экенин айткан видеосун Интернетке жарыялаганга да жетишти.

Видеодон скриншот.
Видеодон скриншот.

- Мына, ушул мамлекет башчыларыбыз чыгарган мыйзамдар кыргыз мамлекетин оңдой турган болсо мен да өз салымымды кошуп кетким келип жатат. Мамлекетти уурдап, жеп-ичкен, карызга батырган бийликте иштеп кеткен байкелеребиздин жана колунан эч нерсе келбей сүйлөгөндөрдүн урматына мына, карап туруңуздар, - деп Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратын көздөй түкүргөн белгисиз жигит капчыгынан 5500 сом алып чыгып, "келип алып кеткиле" деп кайрылган.

Социалдык тармактарда "түкүрүк баатыр" деген ылакап атка конгон бул жигитти милиция 8-январда кармаган. Ал Тоң районунун 27 жаштагы тургуну экени аныкталып, түшүнүк кат жазды.

Милициядан чыккан соң ал элдин үнүн бийликке жеткирүү максатында ушул кадамга барганын, мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Анын жоругу эл арасында ар кыл талкууга жем таштады. Айрымдар жаны кейигени үчүн бийликке протест кылганын айтса, башкалары мекенди сыйлабастык, маданиятсыздык жана чагым катары сыпатташты.

Шаар тургуну Нариман Кадырбеков Бишкек акыркы жылдарда дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын катарына киргенин сөз кылып, айыппулдардын көбөйүшүн аргасыздык катары баалады:

- Бүгүнкү күндө көпчүлүгүбүз эле Москвада жүрөбүз. Көчөгө көз салып карап отурсаң басып баратып түркүрүнгөндөрдүн баары эле мигранттар. Орустар андай кылбайт. Малайзияга барганымда жердин тазалыгынан түкүрмөк тургай колуңда тырмактай бир буюмду да жерге ыргыткың келбей турганын көрдүм. Мындай олуттуу айырмачылык бар экенине менимче маданиятыбыз, экинчиден биз басып жүргөн кыргыз жери ыйык экенин даңазалаган улуттук идеологиябыздын жоктугу себепкер деген ойдомун.

Журналист Медер Шерметалиев учурда коомчулук бул эрежелерди бекем сактоонун зарылдыгы тууралуу кеп кылбай эле, аны бузганда төлөнүүчү айыппул тууралуу сөз кылып жатканына кейиди:

Медер Шерметалиев.
Медер Шерметалиев.

- Айдоочулардын көбү жол эрежесин талкуулабай эле айыпулдардын көтөрүлгөнүн талкуулап жатканы кызык болуп жатат. Бул эмнеден кабар берет?

Демек буга чейин айдоочулар жол эрежесин сактабай айдап көнүп калган. Айдоочулардын көпчүлүгүндө жоопкерчилик жок. Жаңы кабыл алынган кодекс биринчи кезекте айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтөт деп ишенем. Бул жоопкерчилик жол кырсыктарын азайтыш үчүн керек. Өзүңүздөр билесиздер, буга чейин “оң рулдуу автоунааларды азайтсак эле, жол кырсыктары азаят” дешкен. Бирок биз иш жүзүндө жол кырсыгынын башкы себеби жол эрежелерин бузгандар экенин көрбөдүкпү.

Шерметалиев айрым кыргызстандыктар Европадагыдай жашагысы келип, ал жакта көчөлөр шампунь менен жууларын тамшана сөз кылып, бирок өздөрүнүн тазалык тууралуу мыйзамдарын сактоого макул болбой жатканына түшүнбөйт.

Кодекстеги жаңы өзгөрүүлөргө нааразы болгондор андагы айыппулдарга элдин орточо айлык акысы туура келбей турганын, коомчулук буга моралдык жактан да, материалдык жактан да даяр эмес болуп жатканын жүйө келтирет.

Милициянын полковниги Афтандил Кадыркулов да ушундай пикирди тутунгандардын катарында.

- Элдин менталитетин карабай туруп эле сырттан кайсы бир мыйзамдарды көчүрүп алып келип койгон болбойт да, - деди ал. - Коомчулукту моралдык жактан даярдаш керек эле да. Мамлекет башындагылар бир нерсени көрсөтүп, адамдарды шыктандырыш керек. Бир жактуу алып келип "мен сени кыйратып салам" деген болбойт. Биз, милиция кызматкерлери, административдик мыйзам бузуу анча оор болбосо, коомдук тартипке анчалык зыянын тийгизбесе өз алдыбызча кое бергенге акылуубуз. Жөндөн-жөн эле адамдардын кыжырын келтирип, өзүнүн туура эмес кыймыл-аракети менен мамлекетти жек көрүүгө алып келгенге мен такыр жол бербешим керек да?

​Коомчулукта «айыппулдардын көтөрүлгөнү коррупциянын күчөшүнө жол ачат» деген пикирлер да көп кездешет.

Генерал-майор Садырбек Дубанаев бул жагдайда укук коргоо органдарынын иш-аракети жакшылап көзөмөлдөнүшү зарыл экенин айтты:

Садырбек Дубанаев.
Садырбек Дубанаев.

- Ички иштер министрлигинин алдында ички тартипти карай турган атайын кызмат бар. Ошолордун кызматын күчөтүш керек. Прокуратуранын кызматкерлери менен кошо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кечээ "биз МАИ кызматкерлеринин үстүнөн катуу иш жүргүзөбүз" деп жатат. Мына ошолор чындап катуу чара көрүп, көзөмөлдү күчөтсө, ар бир бөлүктүн командирлери да өз кызматкерлерин жакшылап текшерип турса тартип болот деп ойлойм.

Анткен менен азырынча «айыппулдардан коркуп көчөгө эч ким таштанды ыргытпайт, түкүрүнбөйт, айдоочулар жол эрежесин бузбай калат, укук коргоо кызматкерлери пара албайт» деп айтыш кыйын.

Укук коргоочу Рита Карасартованын айтымында, бул жаңы өзгөрүүлөр «коопсуз шаар» долбоорунун алкагында техникалык база менен кошо ишке кириш керек эле. Анын пикиринде, кимдер кандай тартип бузганын далилдесе, милиция кызматкерлер өз ишине так же так эмес иштеп жатканын көзөмөлдөөгө ошондо гана шарт түзүлөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG