Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 00:26

Жаңырган мыйзам, жаңы тартип


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңырган жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген беш кодекс менен эки мыйзамдын тегерегинде талкуу күч алды.

Ишке киришкен мыйзамдар өлкөдөгү административдик, укуктук, соттук реформаларды жүргүзүүгө өбөлгө түзө алабы? Жаңы өзгөрүүлөр менен иштөөгө мамлекеттик органдар даярбы? Жарандар мыйзамдык жаңы талаптардан кабардарбы?

“Арай көз чарай” талкуусуна Ички иштер министрлигинин Жоруктар боюнча башкармалыктын жетекчиси, полковник Бегалы Пирманов, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана укук коргоочу Токтайым Үмөталиева катышты.

“Азаттык”: - Бегалы мырза, коомчулукта 1-январдан баштап беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө киргени жөнүндө сөз көп. Ал кайсы мыйзам актылары? Аларда кандай талап эрежелер, жоболор, өзгөрүүлөр болот?

Бегалы Пирманов: - 2019-жылдын 1-январынан тартып Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс, ошондой эле "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар күчүнө кирди.

Жаңы жылдан баштап ишке кирген дагы бир жаңылык - Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри түзүлөт, мындан ары баары электрондук форматка өтөт. Жарандардын арыздары жана билдирүүлөрү да электрондук түрдө кабыл алынат.

Бул система үч блоктон турат: биринчиси - сотко чейинки өндүрүш, экинчиси - сот өндүрүшү, үчүнчүсү - жаза аткаруу өндүрүшү. Мындай талаптар бирдиктүү укук саясатын жүргүзүүгө жакшы шарт түзөт деп ойлойбуз.

Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

​Дагы бир маанилүү нерсе: ушул убакка чейин бизде “кылмыш” деген гана түшүнүк болсо, эми “жоруктар” деген институт пайда болууда. Ушул убакка чейин кичине-чоңуна карабай баарын кылмыш деп эсептеп келгенбиз. Азыр “Жоруктар жөнүндө” жаңы мыйзам ишке кирүүдө. Эми укук коргоо органдарында жоруктарга байланышкан иштерди өзүнчө караган тергөө кызматтары болот. Ички иштер министрлигинде жоруктар боюнча иш алып барган атайын башкармалык түзүлдү. Биздин облустук, райондук ички иштер органдарыбызда да жоруктар боюнча сотко чейин иш алып барган тергөөчүлөр болот.

“Азаттык”: - Клара айым, кечээ сиз “мындай чоң өзгөрүүлөргө дуушар болгон мыйзам актыларын аткарууда жарандар менен мамлекеттик институттардын, органдардын ортосунда түшүнүү болбой, башаламандык башталышы мүмкүн” дедиңиз. Андай ойго эмне негиз болуп жатат?

Клара Сооронкулова: - Кыргызстанда бир убакта эле бир нече кодекстерге, мыйзамдарга чоң өзгөрүүлөр кирүүдө. Азыр социалдык тармактарда айыппулдар боюнча эле чоң талкуулар болуп, катуу сындар айтылууда. Бул эмнени айтып турат? Кодекстер, мыйзамдар кабыл алынганга чейин коомчулукта кеңири талкууланышы керек болчу, кабыл алгандан кийин элге кеңири түшүндүрүү иштери жүрүш керек эле.

Эл арасында “Ар бир түкүргөн сайын айыппул төлөй беребизби?” деп түшүнбөгөндөр көп болуп жатпайбы. “Германияда түкүргөнү үчүн 50 евро төлөйт экен” деп эле айыппул сала бербеш керек да. Биздеги айлык акынын өлчөмүн эске алыш керек болчу. Биздин жарандар бул жаңы мыйзамдын жоболорун кабыл алууга психологиялык жактан да даяр эмес болуп чыкты. “Буга тиешелүү мамлекеттик органдар даярбы?” деген суроо туулат. Мыйзамда “айыппулдарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салат” деп коюптур. Аларда аны аткара турган түзүмдөр барбы?

Ошондон улам айтып жатам: мыйзам талаптарын аткарууга мамлекеттик органдарды да даярдаш керек болчу, күчүнө киргенден кийин далбастап калбай. Алдын-ала даярдык иштери жүрбөй, шашкан жагдайлар көп болуп калды. Ошондуктан эл арасында башаламандык, мамлекеттик органдардын ортосунда түшүнбөстүк болушу мүмкүн, баарына даяр турушубуз керек.

“Азаттык”: - Токтайым айым, өзгөрүлүп жаткан мыйзамдардагы жоболор канчалык деңгээлде Кыргызстандын шартына туура келет, аткарууга болот? Укуктук реформаларды жүргүзүүгө шарт түзө алабы?

Токтайым Үмөталиева: - Ачыгын айтканда күчүнө кирип жаткан кодекстер мамлекет үчүн бир нече коркунучтарды алып келчүдөй. Жазык кодекси боюнча эки коркунуч бар: биринчиси - диверсия деген түшүнүктү жокко чыгарып, “апартеид” деген түшүнүктү киргизүүдө.

Жазык кодексиндеги дагы бир топ жоболор пайдасыз калып калды. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри электрондук өкмөттүн алкагында эбак эле киргизилиши керек болчу. Мындан тышкары “Ыкчам иликтөө иштери жөнүндө” өзүнчө мыйзам кабыл алыныш керек эле, ал болгон жок. Биз аларды аткарбай туруп “Жоруктар жөнүндө” кодексти кабыл алып жатабыз.

Бул жерде эки эле түзүм - тергөө соттору жана ыкчам кызматкерлер иштей турган болуп турат. Ыкчам кызматкерлер дегенди биз жакшы билебиз. Милицияда жалпы деңгээли төмөн кызматкерлер көп. Бир кой уурдайбы, насыяны төлөбөй койдуңбу, же бирөөнүн бөйрөгүн алабы, шыйрагын кесип салып өлүп калса деле “жоруктарга” кошулуп калууда. Мына ушуга окшогон башаламандык көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG