Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:00

Жаңы кодекстер, өзгөргөн жазалар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди.

Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдардын жаңы редакциясы иштей баштады. Булардын ичинен Жоруктар жана Бузуу жөнүндө кодекстер жаңы мыйзамдардын катарын толуктады. Бул мыйзамдарды даярдоо жана ишке киргизүү боюнча аракеттерге үч жылга жакын убакыт короду.

Бийлик кодекстерди жаңыртуунун зарылдыгын көптөн бери сөз болуп, бирок ийгиликтүү ишке ашпай келген соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу муктаждыгы менен түшүндүргөн. Эми бул мыйзамдар өзгөргөн соң сот реформасын ишке ашырууга оңой болорун буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу билдирген эле.

Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:36 0:00

Буга быйылкы жылдын биринчи күнүнөн тартып ишке кирген Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин жардамы тиери айтылууда. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча реестр ишке кирген бир сутка ичинде ага 295 мыйзам бузуу катталган. Бул реестр адам укуктарын сактоо жана коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөш жаатында маанилүү өзгөрүүлөргө өбөлгө түзүшү керек.

Маселен, Жазык-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясын иштеп чыккан эксперттик топтун башчысы, профессор Кынатбек Сманалиевдин айтымында, реестр ар бир мыйзам бузууну иликтөөгө көзөмөлдү күчөтөт.

Кынатбек Сманалиев.
Кынатбек Сманалиев.

- Кылмыш иши козголгонго чейинки процессуалдык аракеттер “тергөөгө чейинки текшерүү” деп аталат. Ошол тергөөгө чейинки текшерүү эски Жазык-процессуалдык кодекс менен тескелген эмес. Бул - коррупциялык коркунучун жарата турган жагдай. Андыктан жаңы кодексте кылмыш ишин козгоо баскычынын ордуна Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри деген жаңы институт киргизилүүдө. Муну кантип түшүнсө болот? Укук коргоо органдарына келген арыздар менен маалыматтардын баары 24 сааттан кечиктирилбестен, тергөөчү тарабынан ошол реестрде катталышы керек. Тергөө аракеттери конкреттүү арыз же маалымат түшкөндөн кийин башталат. Тергөө аракеттерин жүргүзүү аркылуу тигил же бул адам өзүнүн кылмыш кылды деп шек саналып жатканы тууралуу маалымат алат. Эгер буга негиз болбосо, анда жаңы Жазык-процессуалдык кодекстин 26-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш токтотулат, - деп түшүндүрдү эксперттик топтун башчысы.

Өлкөдөгү кылмыш-укук мамилелерин тескеген кодекстер жана мыйзамдар - көлөмдүү документтер. Андагы негизги өзгөчөлүктөрдүн бири - буга чейин жарандын кылмыш же административдик жоопкерчилиги Кылмыш-жаза кодекси жана Административдик кодекс менен тескелип келсе, эми алар Кылмыш-жаза, Жоруктар жана Бузуу деп үч кодекске бөлүнгөн.

Башка айтканда административдик мыйзам бузуу Жоруктар жана Бузуу боюнча кодекстердин алкагында жөнгө салынмакчы. Мындай өзгөрүү гумандаштыруу максатын көздөп, майда кылмыштар үчүн узак убакытка эркинен ажыратып жиберүү практикасын жокко чыгарат.

Ошондой эле жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык, адамды эркинен ажыратуунун өмүр бою түрмөгө кесүүгө чейинки максималдуу мөөнөтү 15 жылга чейин кыскартылган. Буга чейин бул мөөнөт жыйырма жылды түзчү. Ал эми бир нече кылмыш кылган киши буга дейре 30 жылга чейин кесилсе, жаңы мыйзамдар боюнча анын мөөнөтү жыйырма жылга түшүрүлгөн. Бирок ошону менен катар эң оор кылмыштар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу колдонула берет. Мындан сырткары, кылмышка шектүүнүн ишин сотко чейинки өндүрүштө карачу "тергөө судьясы" деген процессуалдык фигура киргизилет. Бул аракет соттук көзөмөлдү оңдоо максатын көздөмөкчү.

Жаңы жазалар жолду тартипке салабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

Жаңы кодекстердин ишке киришиндеги негизги жаңылыктардын бири - буга чейин эски мыйзамдардын негизинде өкүм чыккан же иликтенип жаткан кылмыш иштери кайрадан каралганы турат.

Мыйзамдарды иштеп чыккан эксперттик топтун башчыларынын бири, юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыкова бул жагдай жаңы кодекстерде каралганын "Азаттыкка" айтып берген.

- Бардык иштер кайра каралышы керек, - деген ал. - Тергөө баскычында кылмыш иштери боюнча жаза жаңы мыйзамдардын негизинде чегерилет. Эгер жаза жумшара турган болсо, мыйзам артка иштей алат, эгер жаза тескерисинче катаалыраак болсо, анда артка иштебейт, башкача айтканда эски мыйзамдын негизинде чегерилет. Ал эми өкүмү чыгып, жазасын абак жайларында өтөп жаткандардын баарынын иштери кайра каралат. Эгер алардын жазасы жеңилдеп, жасаган иши кылмыш категориясынан жорук категориясына өтсө, бул адамдардын иши тезинен кайра каралып, үч ай ичинде бошотулушу керек. Жазасы жеңилдей тургандардыкы болсо жеңилдетилет.

Буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Таалайбек Жапаров жаңы кодекстердеги гумандаштыруу саясатынын негизинде 470 адамдын кылмыш иши кайра каралып, алар жабык абактардан чыгып, бошотулат.

Жаңы мыйзамдардагы өзгөртүүлөр жакшы ниетти көздөгөнү менен аны ишке киргизүүдө бир катар кооптуу жагдайлар бар экени айтылууда. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев мыйзамдардын сакталышы үчүн көзөмөлдү күчөтүү зарыл деген пикирде.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Жер-жерлерде бул мыйзамдардын кандай аткарылып жатканына көзөмөлдү күчөтүш керек, - дейт ал. - Анткени жаңы мыйзам кирип жаткан учурда кылмыштар менен жоруктарды бөлүп, анын белгилери боюнча так аныкталып жатканына көз салуу зарыл. Мен жаңылбасам, Казакстанда дал ушундай кодекстерди өзгөрткөн учурда мыйзам бузууга жол бергени үчүн бир топ кызматкерлерге иш козголгон. Ошондуктан кооптуу жагдайлар бар. Адамдык фактор деген коркунуч турат. Бирок жалпысынан реформа кылыш үчүн ушундай өзгөрүүлөргө барышыбыз керек.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова буга чейинки даярдыктын чабал болуп калганын эске салды:

- Абдан чоң иш жасалды, - деди ал. - Бул иштеп кетсе, реформаны ишке ашырууга жакшы өбөлгө болот. Бирок бир топ институттар бизге таптакыр тааныш эмес. Алар жакшылап иштеп кетиши үчүн даярдыкты мыкты кылып, маңызын түшүнгөндөй окутуу керек болчу. Андай даярдык болбой калганы үчүн башаламандык, хаос болушу мүмкүн. Мына ушулардын алдын алуу жаатында жакшылап иш алып баруу зарыл.

Жаңы кодекстердин алкагында 1-январдан тартып ишке кирген Бузуу жөнүндөгү кодекске ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айыппулдун өлчөмү да көбөйдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG